Алдына камчы салдырбаган Казакбаев.

Бабанов деген эргул элин аз жерден сатып жибере жаздап, акыр аягы өлкөдөн качып чыгып кеткен соң Жогорку Кеңеште анын жеке менчигиндей болгон «Республика – Ата Журт» фракциясы «жетимсирей» түшкөн эле.

Албетте, Бабановдон соң сөзсүз бирөө жетектеш керек эмеспи. Болбосо жетекчисиз Майн Риддин «Башы жок чабандесиндей» болуп кантип иш алпармак эле. Мезгил ыргагы бул тапта дагы бир саясый фигуранын жылдызын жандырды. Ушу тапта аталган фракциянын жаңы жетекчиси Руслан Казакпаев «Республика – Ата Журт» фракциясын Бабановдон дагы мыкты жетектеп жатканы чындык.

Тышкы иштер жаатында бай тажрыйбага ээ Руслан мырза чыныгы дипломат экендигин көргөзүүдө.

Эгер ушул басыгы менен кете турган болсо олуттуу саясатчы боло турган орду бар.

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу