Алга Кылычов Сооронбай Жээнбеков менен Өткүрбек Жамшитовго КАЙРЫЛУУ жазды…

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, КР УКМКга Кыргызстандын коомчулугуна

КАЙРЫЛУУ

Мен, «Элдик Сакчы» элдик кошуунун негиздөөчүсү, Бириккен Элдик кошуундардын төрагасы Кылычов Алга Зарипович, бул кайрылууну жолдоого төмөнкү жагдайлар себеп болду: Мага жеткен маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнү УКМК 2017-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө президенттике талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүнө карата менин «Элдик Сакчы» коомдук бирикмесинин атынан КР БШКга мындан 1, 5 жыл мурда жазган арызымдын негизинде иш козголот деген маалымат түрткү болду.  Мен жогорудагы 1,5 жыл мурун жазган арызымдын артка кайтарылышын жана жокко чыгышын талап кылам. Себеби, мен ошол кездеги президенттике талапкер С. Ш. Жээнбековдун тарапташы катары С. Ш. Жээнбековдун шайлоо штабынын өтүнүчү жана биздин партиянын мурдагы Саясый кеңешинин мүчөсү, мен сыйлаган агаларымдын бири, КР ЖКнын депутаты Төрөбай Зулупкаровдун таасири менен 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалды токтотуууга салым кошкон жана кандай коркунучтар жаралганын жон терим менен сезген адам катары ушундай кадамга барган элем.  Ал арызда бүгүнкү күндөгүдөй саясый куугунтуктоо максатында эмес, талапкер Бабановдун шайлоодо ага эскертүү берилишин,эгер мындай аракеттерди дагы кылса шайлоодон четтетилишин талап кылганмын.  Буга байланыштуу мен төмөнкүлөрдү баса белгилегим келет:

1. Мен кимдир бирөөлөрдүн саясый куралына айлангым келбейт.

2. Мен мыйзамды сыйлаган жаран катары 1,5 жыл аралыгында Бабановго карата эч кандай иш козголбогонун жана бир канча эксперттердин улуттар аралык касташууга чакыруу же козутуу болгон эмес деп чыгарган чечими бар экенин баса белгилейм.

3. Белгилеп кете турган нерсе — ошол кезде эч ким жабыркаган эмес!

4. Менин бул кайрылуума шайлоодо башаламандык чыгарууга аракеттенген деген айыптоо менен кармалып соттолгон ЖК депутаты Канат Исаев баштаган адамдардын бүгүн абактан акталып бошотулушу да түрткү болду.

5. Шайлоонун жыйынтыгын таанып, эч кимге зыянын тийгизбей, өлкөдөн чыгып кеткени Өмүрбек Бабановдун жигитчилиги деп эсептейм.

6. Менин принцибиме жыгылып кайра турган адамды тепкилөө туура келбейт. Бабанов мага каршылаш болсо да, ага карата эч кандай симпатиям болбосо да ага добуш берген Кыргызстандын 600 миңден ашуун шайлоочусунун тандоосун жана каршылаш тараптын чынчыл болгонун сыйлайм.

7. Мамлекетте болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттерди, анын ичинде КСДП партиясын тартып алууга ачыктан ачык аракет жасап жаткандарды эч качан колдобойм жана мунун баарын мыйзамсыз деп эсептейм. Тескерисинче, демократиялык принциптердин негизинде чынчыл атаандаштыктын болушун жана мыйзамдын ар бир тамгасын сыйлаган жаңы саясый элитанын калыптанышын колдойм!

Алга Кылычов Бишкек шаары

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу