Алгачкы жыйынтыктар, алгачкы кадамдар

Шайлоонун эң алгачкы жыйынтыктарына сын көз менен талдоо жүргүзүп олтуруп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк саясатчылардын, саясат таануучулардын жана коомдук ишмерлердин берип жатышкан бааларын эч кандай кыйгап өтүп кете албайбыз…

Ушул өңүттөн алып караганда, азырынча айтылып жаткан пикирлердин дээрлик баары позитивдүү маанайда жана шайлоо процессинин жүрүшүнө карата берилген баалардын көбү жакшы экендиги кубандырбай койбойт. Анткени, шайлоо жеңиши — ​жалпы элдин жеңиши, шайлоодогу жетишкендиктер — ​жалпы өлкөнүн жетишкендиктери!

Айрым техникалык жана башка майда мүчүлүштүктөрдүн орун алгандыгын бийлик өзү деле расмий деңгээлде белгилеп жатат. Ошону менен бирге эле, эл аралык байкоочулар да, коомдук уюмдар да алардын жалпы шайлоо жыйынтыгына таасир эте албагандыгын моюнга алышууда.

Ал эми шайлоого катышышкан он эки талапкердин ичинен эң башкы атаандаштар катары каралып келишкен — ​шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбеков менен шайлоонун эң соңку ирмемдерине чейин жеңиштен үмүтүн үзбөй келген Өмүрбек Бабановдун ортосунда да, дегеле шайлоо жыйынтыгына карата да алар тарабынан жетишерлик цивилдүү мамиле жасалгандыгы дагы кубаттоого аларлык көрүнүш.

Бул жагынан алганда, шайлоо алдында эл арасында кооптуу маанай жаратууга аракет кылышып, дегеле шайлоого байланыштуу алдын ала эле терс коомдук пикирлерди түзүүгө аракет кылган күчтөрдүн тилектери таш капты десек болот. Демек, кылымдарды карытып, далай баскынчылардын катыгын берип, дыргаяктата кууп чыгып, кууп чыгарылбай, жашырынып калгандарын кулга айландырып, кийинки доорлордо акырындап өзүнө сиңирип, биротоло жок кылган байыркы кыргыз эли эч кандай уруу-урууларга бөлүнүүсүз жана жердешчилдиксиз эле, керек учурда калыс тандоо жасай аларын тастыктады.

Байыртан өз бийлигин өзү чечип келген эл бул ирет да олуттуу, калыс жана кабелтең туруп, өз келечек тагдырына карата орчундуу кадам таштай алды… Албетте, “шайлоо эң алгачкы ирет ушундай атаандаштык менен өттү” деген сыяктуу көтөрө чалып мактоолор да туура эмес. Калыс, обьективдүү шайлоо дайыма атаандаштыкты жаратып, элге тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп келгендиги белгилүү. Буга мисал катары, ошол эле легендарлык парламентте биринчи президентти шайлоону да атай кетсек болот. Биринчи президент Аскар Акаев шайлоонун үчүнчү турунда гана айыгышкан атаандаштык менен, бар болгону төрт добуш артыкчылык менен жеңгендиги маалым…

Ал эми кийинки 1995-жылкы жалпы элдик президенттик шайлоодо дагы эң акыр-аягына чейин ошол эле мурдагы атаандаштар — ​демократ Аскар Акаев менен коммунисттер лидери Абсамат Масалиевдин ортосундагы компромиссиз атаандаштык сакталып калып, шайлоо жыйынтыгы белгиленген мөөнөттөн кыйла кечиктирилип чыгарылгандыгын билебиз.

Айтор, кыргыз эли биринчи жолу мындай сыноодон өтүп жаткан жери жок жана да биринчи жолу мындай катуу атаандаштык орун алган жок…

Демейде, “эл жаңылбайт”. “эл өзүнүн калыс баасын берет” деп көп айтылат эмеспи. Бул биринчи иретте калыс жана мыйзамдуу өткөрүлгөн шайлоо кампаниясына гана тиешелүү. Бул ирет дал ошондой болгондугу айкын жана дал ошондуктан улам эч кандай талаш-тартыштар жаралган жок.

Шайлоо жыйынтыгы адилет жана мыйзамдуу болгондугу берилген добуштардын цифралык көрсөткүчтөрүнөн дагы ачык көрүнүп турат. 55 пайызга бир аз жетпей калган добуштарды топтоо менен бирге, башкы талапкер Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо жеңип чыгышы — ​чынында эле күтүлгөн иш болучу. Себеби, алдын-ала калыс жана объективдүү талдоолор жана эсептөөлөр дал ушундай же ушуга жакын болгон жыйынтыктарды болжолдоого негиз болуп жаткан.

Калыстык үчүн айтып коюу керектир, — ​экинчи орунда келген Өмүрбек Бабанов да өз мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдалана алды жана да жетишкен көрсөткүчтөрдү анын чоң ийгилиги катары кароого да болот. Эгерде мурунку шайлоолордо мурунку бардык шайлоолордун эң соңку этабында “түндүктүк” жана “түштүктүк” деп аталган эки талапкердин ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп келсе, бул ирет андай “бөлүнүүчүлүк” илдеттен бир топ арылып, эки талапкер тең өлкөбүздүн бардык региондорунан жетишерлик өлчөмдө колдоо табышканы кубандырбай койбойт.

Атаандашуу айыгышкан мүнөздө болсо да, Сооронбай Жээнбековдун жеңиши күтүлгөн жыйынтык болчу деп айтып жатканыбыздын себеби, шайлоонун калыстыгына жана жеңишке жетпей калган башка талапкерлердин аброюна көлөкө түшүрүү дегенди билдирбейт. Тек гана, ар кандай параметрлерди катар коюп, алардын оң жана терс жактарын баалоо аркылуу, дал ушундай болжолдоолор мүмкүн болуп келген.

Калыстык үчүн белгилей кетсек, — ​Сооронбай Жээнбеков ошол талапкерлердин ичинен эң эле тажрыйбалуусу, саясатчы жана мамлекеттик ишмер, коррупцияга аралашпаган жетекчи катары эл арасында эң таанымалы да болгондугун тана албайбыз. Өткөн президенттик шайлоодо үч экс-премьер-министр (Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановдор) катышышканы менен да, эл арасында алардын ичинен узагыраак мөөнөттө иштеген жана өзүнүн конкреттүү иш-аракеттери менен кандайдыр бир деңгээлде көрүнүп, оң баага арзыган Сооронбай Жээнбеков тарапка ооп турган.

Жалпы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө дагы жогорудагы объективдүү компоненттерден сырткары, талапкердин жеке инсандык сапаттарына да кошо баа берилери маалым. Сооронбай Жээнбековдун салмактуу жана ойлонуп сүйлөгөн олуттуу сөздөрү, реалдуу ой-максаттар жөнүндө гана сөз кылып, жалпы элдин, өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө аракет кылгандыгынан улам гана, анын эл тагдырын, өлкө келечегине байланышкан маселелерди өз мойнуна жүктөөгө даяр экендигин көрө алышты десек жаңылышпайбыз.

Президенттик шайлоодо үчүнчү (Адахан Мадумаров — ​6,5 пайыз) жана төртүнчү орунду (Темир Сариев — ​2,5 пайыз) алышкан талапкерлердин баарысы бир пайызга жетпеген добуш алышканы да бекеринен эмес. Бул да болсо, айланып келип эле, элдин ал талапкерлерге берген баасы деп койсок болот. Албетте, өз күчүн сынап көрүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн толук реализациялоого аракет кылуу — ​адамдагы эң жакшы сапаттардын бири дечи. Арийне, жалпы эл тагдыры жана өлкө келечеги менен байланышкан тандоо мүмкүнчүлүгү менен ошондой жекече мүнөздөгү каалоолордун эч качан аралашпашы абзел.

Асыресе, муну ошол шайлоо алдында талапкер болуп катталып алышкан талапкерлердин көбү да бир топ кечирээк түшүнүп калышкандай таасир калтырат. Анткени, шайлоо кампаниясында үгүт-насыят иштерин эл алдында презентациялоо багытында башкы эки талапкерден сырткары, Адахан Мадумаров жана Темир Сариев гана анча-мынча көрүнүшкөнү болбосо, калгандары агитация иштерин дээрлик жүргүзүшкөн да жок. Алардын көбү эл алдына чыгуу, өлкө аймагын кыдыруу сыяктуу аракеттер мындай турсун, өздөрүнө акы төлөөсүз, бекер берилген убакыттарын да жөндүү пайдалана алышкан жок.

Сөз жок, жогоруда ысымдары аталган саясатчылардан башка, калган сегиз талапкердердин ысымдары шайлоо шарданы өтүп кеткен соң, калың катмардагы элдин эсинде сакталып калары да күмөн. Алар кандайдыр бир эсте калардык билдирүү, же келечектүү чоң саясатчы катары кадамдарды да жасай алышкан жок.

Дал ошондуктан улам, башкы эки атаандаштын ортосунда гана күрөш улантылып, калган талапкерлер алардын көлөкөсүндө калып калышкандай таасир калтырды. Бул үчүн, албетте, биринчи иретте ал талапкерлер өздөрү гана негизги себепкер болушту.

Демек, шайлоо легитимдүүлүгү жана мүмкүн болушунча таза өткөрүлгөндүгү эч күмөн туудурбайт. Бул шайлоо жыйынтыгы тарых барактарында өтүп кеткен бир чоң саясий окуя катары кала берет. А бирок, анын жыйынтыгына байланыштуу айрым бир ойлорду дал азыр — ​актуалдуу учурунда айтып коюу максатка ылайыктуу болор.

Калыстык үчүн белгилеп коюу парз.

Бул шайлоонун өтүшүн жеке көзөмөлүнө алып, элге эркин ой-мамилесин билдирүүгө шарт түзүп берүүдө учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы да зор болгондугу талашсыз. Ал тургай, бул шайлоо бийликтен биротоло кетип бара жаткан президенттин “ак куу ыры” (коштошуу ыры) гана болуп калбастан, анын өз бийлиги тушундагы эң эле аз сандагы жасалган (балким, калыстык менен санай келсек, бир колдун беш манжасы да толугу менен толбос?! — ​эми бул жөнүндө өзүнчө кийинчерээк кеңири сөз кыларбыз!) бараандуу жетишкендиктеринин бири болуп калышы да толук мүмкүн…

Бул жагынан алып караганда, азыркы президент өзү эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө кайра-кайра белгилеп жаткандай, ал бийликтен кеткенге чейинки дагы бир жарым ай ичинде (декабрдын башына чейин) Алмазбек Атамбаев аткарууга үлгүрө турган жана да логика боюнча сөзсүз жасап, биротоло аягына чыгарып, бүтүрүп кете турган бир катар маанилүү иштер бар.

Албетте, алардын ичинен эң башкылары жана эң эле маанилүүлөрү катары — ​апрель революциясы менен аралаш жасалган мародерчулук иши, жарандардын жеке каражаттары сакталып турган банк ячейкалары ачылып, жасалган карактоо кылмыштары, жана да апрель революциясынан көп узабай, криминалдык чөйрө аркылуу уурдалып, кийин сырдуу жагдайларда дүйнө салган ыраматылык муфтий Мураталы-ажы Жумановдун өлүмү сыяктуу иштерди биротоло аягына чыгарып, чекит коюу!..

Ансыз бул аталган жана аталбай калган көптөгөн экинчи баскычтагы майда кылмыштар азыркы бийлик жүзүнөн эзели кеткис көө сыяктуу болуп кала берет.

Экинчи жагынан алганда, улантуучулук, иштеги логикалуу мураскерчилик орун алган учурда деле, жаңы президентке өлкө жетекчиси катары ишти жаңыча баштап, баарын жаңы барактан баштоого шарт түзүп берет.

Жыйынтыктап айтканда, президенттик шайлоонун биринчи турда эле оңой жана жеңил түрдө гана, эч кандай кошумча татаалдыктарсыз чечилип калышы — ​жалпы элдин чоң жеңиши болду деп айтсак, эч кандай аша чапкандык деле болбос!..

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу