Албек мырзанын алы гезиттерге эле жетеби?

Шаар көрктүү болушу кажет. Эгер шаарыбыз кулпуруп турса, келген коноктордун алдында да башыбызды бийик көтөрүп жүрө алабыз. Бирок шаар көркү деген шылтоо менен айрымдар жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп ийгенде итиркейиң келет. Дегеним, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаар ичинде жайгашкан гезит-журнал сатуучу күркөлөрдү тазалап, шаардын четине чыгаруу демилгесин көтөрүп, аны ишке ашырууга белсениптир. Башта айткандай, муну ар бирибиз шаар ичиндеги кооздукту сактоо үчүн жасаганы жатат деп түшүнсөк болот. Бирок медалдын экинчи бети бар дегендей, гезит окуй турган киши шаар сыртына барып сатып албайт да. Анан кандай жагдай жаралат? Ансыз да эптеп чыгып жаткан гезиттердин өмүрү соолуйбу? Албетте, бул жерде баягы эле эски ыкма жатканы аяк салып, күркөлөрдү кыйноо менен акча жыйноо саясатынын кулагы чыкканы байкалууда. Эгер мындай нерсе болбосо, күркөлөрдү заманбап жасалгалап, шаарды көрктөндүрүү аракетин көрмөк да. Арийне гезитке, журналистика чөйрөсүнө бут тоскондор, тоскусу келгендердин арты жакшы болчу эмес эле.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу