Албек келме келтирип…

Бишкектин мэри Албек Ибраимов кийинки учурларда ишемби, жекшемби күндөрү атайын коомдук транспортко түшүп алып шаарды кыдырып, ошону менен бирге автобус, троллейбуска канча пенсионер түшөрүн санаганды көнүмүш адатка айландыра баштаган экен. Бир күнү тажап кетип түшкө жетпей эле мэриянын жанынан түшүп калып, автобуска баятан бери түшкөн пенсионерлердин так эсебин чыгара албай оозун кыбыратып, ичинен күбүрөнүп басып келатса алдынан күтүүсүздөн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров чыга калыптыр. Аны көргөндө эле эмнегедир чочуп кеткендиктен мэрдин үнү чыкпай калыптыр. – Байкасам үнүңүз чыкпай эле оозунуз кыбырайт. Балким, мени ичиңизден сөгүп жатсаңыз керек, ээ?~ дептир учурашкандан кийин укук коргоочу. Бир аздан кийин өзүнө келген мэр: — Сиз жаңылышасыз… Бул киши Ак үй аздык кылгансып, эми мэриянын алдына пикетке чыкканы жатса керек,- деп коркконумдан келме келтирип жаткам,-деп коёт имиш калп эле артист болуп. Булак: Жаңы Ордо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу