Албек Ибраимов менен Раиса Атамбаева Кыргыз эл артистин кантип сызга отургузушкан?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда Кыргыз эл артисти Керим Тураповдун кубанычы койнуна батпай жүргөнүн көргөндөр көп болгон. Эмнеге дейсизби? Себеби, анын борбор калаабыздагы өзүнө тиешелүү жерине түрк ишкерлери инвестиция салууну чечишкен. Тактап айтсак, ошол жерге алар 10 кабат көп батирлүү турак-жай курмак болушкан. Анан анын 3 кабатын жердин ээси катары Керим Турапов алмак, келишим боюнча. Эл артисти ал үч кабатты музыкалык мектеп кылып, шыгы бар жаш муундун өкүлдөрүн музыкага, искуствого тарбиялагысы келген.

Бирок, кызарган жерди көрсө эле баса калууну адатка айлантып алган ошол убактагы Бишкек мэри Албек Ибраимов ал жерди эл артистинен тартып алган деген айың кептер бар. Көрсө, Албек мырзанын артындагы калкалоочусу ошол убактагы биринчи леди Раиса Атамбаева болгон эмеспи, биринчи леди 10 кабат үйдөн 4-5 батирди өзүнө алган имиш. Албек мырза канча пайызына ээ болгонун, ал эми түрк ишкерлери канча пайызына ээлик кылышканын өздөрү гана билишет. Ошентип Керим Тураповдун изги максатын ишке ашыруусуна Албек Ибраимов менен Раиса Атамбаеванын ач көздүгү тоскоолдук кылган тура. Бул боюнча тиешелүү органдар кандай иш кылып атышты болду экен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу