Аламүдүндө табылган өлүктүн чоо-жайы териштирилүүдө

25-февраль күнү Аламүдүн районунун Теплые ключи айылынан автоунаанын ичинен башына ок тийип каза болгон кишинин сөөгү табылган. Иликтөөнүн натыйжасында ал 23 жаштагы врач-ординатор Атаныук Шерматов болуп чыккан. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болуп каза тапты деп эсептеп жатышат. Эжеси Назгүл бул тууралуу мындай деди:

— Бизге «өзүн өлтүргөн» деп айтып атышат. Бирок ал өз өмүрүнө кол сала турган адам эмес болчу. Бир үйдүн жалгыз уулу, Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде медицина факультетинде ординатурада окучу. «Анын колуна тапанча кайдан түшүп калды?» деген суроо туулуп жатат. Мындан тышкары ок башына сол жагынан тийиптир, иним сологой эмес болчу.

Эжесинин айтуусунда маркум Казакстандын жараны. Ошондуктан бул ишке Казакстандын Бишкектеги консулдугунун биринчи катчысы Жасулан Ханалиев да кызыгып, 26-февралда тергөө иши менен таанышкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын маалымдады. Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, азыр бул иш боюнча бардык божомол-жоромолдор иликтенүүдө, өлүм эмнеден болгону кылдат текшерилип жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу