Ак үй — ШЫБЫРТ: Сапар Исаков бүгүн кызматтан кетет.

Премьер-министр Сапар Исаковдун кадр тандоосуна коомчулуктун нааразычылыгын күчөтүп, акыркы кадамы, өзүнө «минус» болот сыягы. Алсак, буга чейин УКМК төрагасынын орун басары кызматынан ыргыган Болот Сүйүмбаевди өкмөт башчы Сапар Исаков өзүм билемдик менен эле Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызматын төрагалыгына дайындап салган.

Эми Сапар Исаковдун бул кадамы өзүнө муш болот. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак бүгүн, Өкмөт башчы кызматтан кетет.

Эске сала кетсек, «Өнүгүү — Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министр Сапар Исаковдун отчетун канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча чечим кабыл алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу