Ак үй ШЫБЫРТ: Президенттикке талапкер же мураскер Калыкбек Султанов …

Учурда мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевди мактап жана жамандагандар толтура. Тилекке каршы бул көрүнүш менен эки жаат болуп уруша кеткендер дагы жок эмес. Канткен күндө дагы болоору болду боёсу канды. Эмне дейли дебейли, эл журтка Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы болуп алты жылын аяктап, бийликте турганына 7-жылга жеткирди. Эми күздө Кыргызстандын тарыхында чоң бурулуш болуп кыргыз эли 5- президентин шайлайт. Талапкерликке өзүн коёмун дегендер билек түрүнө президенттик шайлоого катышамын деп турса, президенттике талапкерлигин коюп тажабаган, “элдин бактысына жаралган жалгыз менмин” деп Москвадан Кубанычбек Апас NazarNews.kg  маалымат агенттигине коңгуроо какты.

-Мен жакында Кыргызстанга барамын. Мен гана эл үчүн жаралганмын. Мен президент болсом элдин жашоосу оңолот, — деди доктор Апас.

Ошентип, жакын арада бири эр, бири шер, бири баатыр, бири булбул, бири дулдул талапкерлер чыгып, жаагы талыганча өзүн мактап өлкөнү өнүктүргөнгө чоң салымын кошомун деп, оозу кургаганча сүйлөйт. Бул турган көрүнүш. Калдайган кыргыз элибиз кайрадан добушун сатат дагы, Ак үйдүн сыртына кагазын көтөрүп алып “бийлик кетсин” деп кыйкырып жүрө берет. Муну менен эми кыргыз элине эскертип, добуш сатканды токтотуп кыргыз элине күйгөн талапкерин тандап алса…

Баса, Ак үй тараптын айланасында айтылган сөздөргө караганда президенттикке талапкер жана мураскер Калыкбек Султанов болуп калышы мүмкүн экен. Анткени Калыкбек мырза “өкүмдарыбызга” башкаларга салыштырмалуу жападан жалгыз жагып турган кадр дешүүдө. Буга чейин Алмазбек Атамбаев, өзү Калыкбек Султановго президенттикке талапкерлигин коюу боюнча сунуш берген. Калыкбек мырза, “өкүмдарыбызга”, “10 күн руксаат бериңиз ойлоноюн” дегенден бери, арадан бир ай өтүп кетти. Ал тургай “01” менен чогу чет өлкөгө расмий сапарга чыгып келди…

Дегенибиз менен “Алмазбек Атамбаев чоң саясаттан кетпей дагы калышы мүмкүн” деп көзүн алайткандар дагы жок эмес.

Эми бир аз күтө туралы. Кантсе дагы журт башчылыкка көрөгөч, алса ала турган, жулса жула турган, кыргыз эли үчүн күйүп-жанган, темирдей тартипти орноткон, (Темир Сариев деп ойлоп албагыла) алакандай  элибизди топтоп, жерибизди гүлдөткөн, Ким Чен Ындай мамлекет башчы келсе деген тилек.

Булак: Nazarnews.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу