Мурдагы оо мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров өтө акылдуу да. Тээ 2010-жылы дагы “тегирменден бүкүлү” чыкканы жалпы коомчулукка белгилүү.
Так ушул Акылбек Жапаров жакында куда-сөөктүү, келиндүү болот.
-Кайдан?- дейсизби…
-Кара-Кулжадан…
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак Акылбек Жапаров жапжаңы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асилбек Жээнбековдун кызына куда түшүп, болочоктогу келинине сөйкө салыптыр…
Ошентип, жакын арада Жээнбековдордун үйүндө тойлор – тойго уланат. Эки жаш бактылуу болсун.
Булак: NazarNews.kg