«Ак каргабыз» дейт…

Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин аяктаганына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабеков маалымат жыйын өткөрдү. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламент өз ишин аткарганын, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты. Бул туурасында:

«Биз эч кандай регламенттен чыккан жокпуз. Баары мыйзамдуу болду. Парламент өзү кабыл алган мыйзамдарга жоопкерчилик алууга даяр» — деп билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27 — июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс — президент макамынан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу