Акүйдүн «куурчагына» айланган Жеңиш Молдокматов…

«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду бийлик жасалма жол менен элге таанытып, алдыга сүрөп келатканы маалым.

Маселен, КТРК же башка мамлекеттик ЖМКлар болобу, аны дайыма сүрөп, депутаттар, белгилүү саясатчылар менен талкууларга катыштырып коёт. «Көрө — көрө көсөм, сүйлөй — сүйлөй чечен болосуң» дегендей, Молдокматов опулдап, ой — пикирин айтканды өздөштүрүп алды. Куру сөз болсо да каарманыбыз апакай болууну оозанып, алдыга өнүгүүнү жана коррупцияга каршы күрөшүүнү көп айтмайы бар.

Саясатка аралашкан адам таза болуусу шарт. Ар бир адам бул көрсөткүчтү өэүнөн баштоосу зарыл.

Айталы, Жеңиш мырза мурда эч жерде иштебесе, дүркүрөгөн бизнес жүргүзбөсө, анан кантип «Замандаш» партиясы менен парламенттик шайлоого чыкканы жатат? Даяр оокаттын үстүнө отура калып, бийликтин акчасы менен аламанга аттанса, эл деле шек санайт да, туурабы?

Алдаркөсөлүк саясат акыры аласалып кетчү эле. Негизи «Замандашка» кирип — чыккан куйгулар көп болгонун эске алсак, эртеңки күнү деле өз көмөчүнө күл тарткандар четтен чыкпасына кепилдик барбы? Шайлоо астында бийликтин ишенимин акташпай, ара жолдо калышса кантишет? Акүйдүн «куурчагына» айланган Жеңиш Моддокматов саясый чыныгы эрөөлгө туруштук бере албай, чабылып кетсечи?

Эрки күчтүүлөрдү көрүп атпайбызбы, жок дегенде түрмөгө бир — эки жыл отуруп чыгышып, үлгү көрсөтүшүүдө. Чыныгы «Чоң казатка» даярдануу үчүн бул дагы жакшы практика.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу