Акыркы эки күндө кыргыз-тажик чек арасында абал тынч болду…

Учурда вице-премьер Жеңиш Разаков Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтын, ИИМдин жетекчилери менен Баткенде жүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында абал ишемби, жекшемби күндөрү тынч болгонун Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

«Эс алуу күндөрү чек арага жакын райондордо чыр-чатак болгон жок жана эл топтолгон жок», — деп айтылат таратылган маалыматта.

Учурда вице-премьер Жеңиш Разаков Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтын, ИИМдин жетекчилери менен Баткенде жүрөт.

Бул күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосунда чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлө уланууда.

Анткени менен Исфара — Ворух (Тажикстан) жана Баткен — Лейлек (Кыргызстан) жолдору жабык бойдон калууда.

Чек ара кызматы тартип коргоо органдары менен чек арага жакын жайгашкан айылдарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат

Ал эми кыргызстандык чек арачылар кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстан тарап жарандарынын каза болгондугун айтканын билдирген.

Эки тарапты кепке келтирип, абалды жакшыртуу боюнча президенттер менен премьер-министрлер сүйлөшкөн.

15-мартта абал турукташкан.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу