«АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТИ» КОЛДОНУУГА ТУУРА ЭМЕС КИРГИЗГЕН АДАМДАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КАРОО ЗАРЫЛ

Бул тууралуу депутаттар Жогорку Кеңеште электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдиришти.

Депутаттардын пикиринде, «акылдуу эсептегичтерди» колдонууга туура эмес киргизген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо керек. Анын колдонулушуна нааразы болгон жарандар улам арбып барат. Алар «акылдуу эсептегичтердин» туура эмес эсептегенине жана инспекторлордун аны сатып алууга мажбурлап жатканына нааразы.

Жарандардан пайдаланылган электр энергиясын эсептөө иштери башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, бирине көп келип жатканы тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Ошондон улам, «эмне үчүн башында эле ЭКЭАТ тутумунун бирдиктүү серверлери орнотулган эмес?» деген суроо туулбай койбойт. Мисалы, өткөн 5 жыл аралыгында 115 миӊ гана ЭКЭАТ жабдуусу орнотулса, 25 гана көзөмөлдөөчү инспектор кыскартылыптыр.

Андан ары депутат ар түркүн үлгүдөгү ЭКЭАТ жабдуулары орнотулуп, мындай айырмачылыктар жалпы тутумдун ишине кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. Баардык ЭКЭАТ жабдуулары бир серверге бириктирилип, анын ишине инспекторлор же дагы башка адамдар кийлигишпеши керек, деп эсептейт депутаттар.

Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча жалпысынан 1 млн 300 миӊ «акылдуу эсептегич» орнотулушу керек болчу. Акыркы 5 жыл аралыгында орнотулган ЭКЭАТ жабдуулары анын 13 пайызын эле түзөт.

Каганат.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу