Акылбек Сариев президенттик шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдайды атады

Бишкекте 19-сентябрда «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема — алдыдагы президенттик шайлоо.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев: «Шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдай — кошумча шайлоо тилкелери. Тилекке каршы, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо тилкелери жөнүндө чечим кабыл алып, аны БШК бекиткен. Мыйзам боюнча, кошумча шайлоо комиссиясы деген нерсе жок. 2015-жылы да бул маселе көтөрүлгөн, бирок 2 жылдын ичинде мыйзам оңдолгон жок. Кошумча шайлоо тилкелеринин чек арасы да аныкталган эмес. Бул БШКнын өзүм билемдиги, мыйзам бузгандык», — деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын «президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо» деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу