Акылбек менен Аалы Раимге эле барган экен…

Кара-Суу районунда өткөн Исмаил Матраимов аксакалдын урматына өткөн спорттук турнирге барган ЖКнын депутаттары жакшы эле тепкиге алынып, алды актанып, аягы мактанып тынышты. Абийирдүүлөрү моралдык, этикалык нормаларды сактабагандыгы үчүн элден кечирим сурашса, көптөрү «Раим Миллион» атыккан Раим Матраимовдун агасы, кесиптеши Искендер Матраимов үчүн эле барышканын айтышты. А муногу Акылбек менен Аалы абийрлерин коргогонго деле жараган жок. Эмнесин коргошот эле?

Кайсыл абийир калды дейсиңер? Ар бир келген бийликтин этегине эрмешип, эптеп кызмат, байлык үчүн баарына бара берген алардан башка нени күтөт элек? Андай аракеттерине айныксыз далил катары мынабу сүрөттөрү эле көптү айтып бере тургандай. Бул жерде Акылбек Жапаров менен Аалы Карашов кадимки Раим Матраимов менен бирге жүргөнүн далилдешти. Актанып аткан башкаларда мындай түшкөн сүрөттөрү жок экен, «Искендер чакыртып бардык»-деп, кутулушту. А булар эмне деп кутулаар экен десеңер, кызыталактыкыдесе.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу