Акылбек Жапаров, депутат: «Биз дагы Казакстандан бир дагы контрабандалык негизде товар өтпөй турган кылып чек араны бекемдеп алышыбыз керек»

— Акылбек Үсөнбекович, казак-кыргыз чек арасындагы көйгөй эки өлкө мүчө болгон ЕАЭСтин келечеги кандай болоорун көрсөтүп койду окшойт. Казак тарап көзөмөлдү уюмдун алкагында жүргүзгөнүн билдирип келет. Бир уюмга мүчө болгон шериктешин ушундай кысымга алуу келечеги кең болот деген мейкиндикке залакасы тийиши мүмкүнбү?

— Казак-кыргыз чек арасындагы көйгөй жеке эле Казакстан менен Кыргызстандын эмес, ЕАЭС алкагындагы өлкөлөрдүн баарына маселе жаратты. Бул көрүнүш ЕАЭС уюмунун келечеги. Аталган уюмду алгач Белоруссия, Казакстан, Россия түзүшүп, андан кийин Армения, Кыргызстан кошулбадыбы. Биз ушул уюмга мүчө болуп кирип жатканда, алар бизге “Бул экономикалык мейкиндикке мүчө болуп кирсеңер товар, акча жүгүртүү сыяктуу төрт боштондукка ээ болосуңар. Силер 6 млн эмес, 180 млн калкы бар базарга чыгасыңар” деген кепилдигин берген үчүн мүчө болдук да. Болбосо ЕАЭС алкагына кирбей эле турмушубузду өткөрүп жатканбыз. Кытай менен соода-сатыгыбыз аябай жакшы болчу. ЕАЭС уюмуна киргенден кийин да 2 жылдык динамикасын карап көрсөңөр, биз үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкты көп жүргүзүп жатабыз. Россия, Казакстан, Белоруссия, Арменияны кошкондо. Демек, биздин ишкерлерибиз дүйнөлүк деңгээлде соода жүгүртүүнү аябай мыкты өздөштүрүп алышкан. Тилекке каршы, бул уюмга киргенибизден кийин бажы салыктары көтөрүлдү, соода сатык боюнча тышкы маселелердин баары жалгыз эле Кыргызстандын саясаты болбой, Москвада каралчу саясат болуп калды. Биз ушунун баарына макул деп моюн сунсак, эми саясаттын айынан бизге убада кылышкан төрт боштондук чектелип турат. Муну абдан туура эмес деп баалайм. Кыргыз тарап ЕАЭС алкагында президенттердин, премьер-министрлердин деңгээлинде кечиктирилгис жолугушууларды өткөзүп, азыркы маселени чечүүбүз керек. Мындан кийин ЕЭАС уюму болобу же жокпу дегенге казак-кыргыз чек арасы жооп берип жатат.

— Чек арадагы көйгөйгө жалпы элдин эч кандай тиешеси жок. Жөнү жок жерден эле дыйкандар азап чегип жатат. Өкмөт болсо сүйлөшүү маселеси менен убара тартууда. Чек арада турган товарлардын ээлерине жардам берүү жагын ойлонгон жан жоктой. Мындай учурда ыкчам план иштелип чыгышы керек беле?

— Жыл бою маңдай тери менен иштеп, аракет кылып, үмүттөнгөн дыйкан байкуш зыян тартууда. Бир эле мисал айтайын, шайлоонун алдында айылга барсам, талаадан эле картошканы 20 сомдон алып кетип жатышкан. Чек арадагы маселе жаралгандан кийин талаадан картошканы 12 сомдон да албай жатышат. Ошондуктан маңдай терин төккөн дыйкандарга Өкмөт жардам бериши керек. Аларга казактын же орустун Өкмөтү жардам бербейт. Андыктан Айыл чарба, Экономика, Каржы министрликтери, Улуттук банк баш болуп баардык банктарды чакырып, берген кредиттеринин мөөнөтүн жылдырууга аракет жасоого туура келет. Себеби, дыйкандардын арасында жылы бою иштеп, өндүргөн товарын сатып кредитти төгөбүз дегендери да бар. Айрымдарына жаңыдан кредит беришибиз зарыл. Алар өстүрүп алган продукциясын сакташы керек. Дыйкандарда продукциясын сактаганга кампалары да жок. Андай кампаларга кармоого да кошумча акча талап кылынат. Ошондуктан, Өкмөт өзүнүн отурумунда дыйкандарга кандай жардам беребиз деген атайын план иштеп чыгуусу керек болуп турат. Азыр чек арада 10 км аралыкка чейин жүк ташыган чоң машиналар тизилип калып жатат деп айтып жатпайбызбы. Ал машинанын ээси бөлөк, товардын ээси башка. Байкуштар товарды бир айылдан чогултушкан. Айылдагылар акчаны күтүп олтурушат, машинанын ээси да товарды жеткизсем тыйын алат элем деп үмүт кылып жатат. Мына ушинтип бир эле машинанын тегерегине бир айыл байланып калды. Андыктан машинанын ээлерине да жардам беришибиз керек. Бир күндө жүк ташыган чоң машина 70 литрге чейин керосин жагат. Ошол 70 литр керосинин шопурга жеткизип берүүгө чамабыз жетпесе да, арзаныраак кылганга же болбосо 20–30 литрин бекер бергенге аракет кылсак жакшы болот эле. Бул жерде жалпы элде күнөө жок. Саясий өңүткө өткөндөн соң, өзүбүз оокат кылып кетебиз, намысыбыз бар деп белибизди бекем буугандан кийин бири-бирибизге жардам берели да. Жардам берчү жалгыз гана Өкмөт бар.

— Чек арадагы көйгөй жаралгандан кийин товар жүгүртүүдө кайсыл өлкө көбүрөөк зыян тартат? Казак ишкерлери бизге импорт катары киргизип жаткан товарлары менен эсептешип койчу жол барбы?

— Бизден биринчи кезекте айыл чарба продукцияларыбыз зыян тартып жатат. Мындан сырткары казактардын товарлары бизге кирбей калды. Биз жашоо турмушка керектелчү 90 пайызга жакын товарларды 25 жылдан бери чет мамлекеттерден сатып алып калганбыз. Казакстан болгон товарларын бизге сатып көнүп калган.

Алардын ишкерлери да бул маселенин кесепетин катуу тартып жатат. Кытайда кризис деген сөздүн эки мааниси бар. Бирөө жамандык, экинчиси “аягы жана жаңыдан башталышы” деп жакшылыкка жышаан кылып коюшат. Биз азыр чек арабызды иретке салышыбыз зарыл. Биз дагы Казакстандан бир дагы контрабандалык негизде товар өтпөй турган кылып бекемдеп алышыбыз керек. Өкмөт ушул системаны иштеп чыгууга милдеттүү болуп турат. Ошондон кийин Казакстандан келген товарлардын баарынан салык алып баштасак, өзүбүздүн салык төлөп ишкерлик кылып жаткан жарандарыбыз чыгарган товарларынын баасы бирдей болуп, теңтайлашып калат же болбосо биздики арзаныраак болуп калат. Анткени, казактарда салыктар бизге караганда көбүрөөк. Мына ошондо кимге жакшы да кимге жаман экенин көрөт элек. Мындан ары жалгыз эле Казакстанды карабашыбыз керек экенине көзүбүз жетти. Мен канча жыл мурун идентификацияны бүтүрөлү, лабораторияларды алып келип коёлу дегем. 2010-жылы ал лабораторияларга ар кайсыл уюмдар каршы чыгып атып, Тажикстанга коюлуп калган. Тажикстан 3 жылдан бери Кытайга айыл чарба продукцияларынын баарын киргизип жатат. Кыргызстандын бүтүндөй айыл чарба продукциясы Үрүмчү шаарын камсыздай албайт. Азыр 32 млн калкы бар Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуп баратат. Алар жылына бир млн тонна картошканы Польшадан алып келип турчу. Биз эми ошол жакка жолду ачып, эт менен картошканы Өзбекстанга экспорттогонго аракет көрсөк болот. Бирок, ал үчүн өзүбүз ыкчам даяр болушубуз керек. казактардан 100 млн долларды албай, баарын өзүбүз курабыз дедикпи, эми лабораторияларды куруп бүтүрүүгө тийишпиз. Кыргыз-орус фонду менен бирге сактоочу кампаларды жана айыл-чарба продукцияларын кайра иштетип чыгаруучу өнөр жайларды курушубуз керек. Ал үчүн Өкмөт өзү кепилдик болуп, ишкерлерге катуу жардам берип жиберсе болот. Өрт чыкканда эл бири-бирине жардам бергендей, азыркыдай кыйынчылыкта ишкерлерге, дыйкандарга жардам берип жиберсек, экономикабызды структуралык жактан өзгөртүп алат элек. Биз жеке эле орустарга, казактарга эмес, кайсыл жакка товарды көбүрөөк сатканга мүмкүнчүлүгүбүз болсо, ошого даярданышыбыз керек. Ооганстанга Союздун армиясы киргенде ал жактагылар биринчи менен акыркы техникасын жардырып коюп, калганын жайлай берчү экен. Орустардын техникасы да токтогондо катар түз токточу да. Америкалыктардын техникасы токтогондо дагы бурулуп кийинкиси алдыга же артка кеткенге шарт түзүп токтойт экен. Биздин экономикабыз дагы ошондой тактикада болушу кажет. Казакстанда кыйынчылык болдубу, ал жактан шарт бурулуп Кытайга, Тажикстанга, Ооганстанга, андан ары Пакистанга кетип калышыбыз керек. Биз 25 жылдын ичинде ыкчам бизнесмендердин жаңы муунун өстүрүп алдык. Буларга системаны оңдоп, дүйнөлүк эрежелерге ылайыкталган сырткы келбетин, көлөмүн жакшы жагына коюп берсек эле жетиштүү. Муну бир млн фермер же жалгыз ишкер жасай албайт. Өкмөт гана жасайт. Өкмөт ушундай механизмдерге барса, анда биз ушул кыйынчылыктан утуш алат элек.

— Россияга карата Европа менен АКШ экономикалык санкцияларды киргизгенде, орустар ал санкцияларга туруштук берүү үчүн башка өлкөлөрдү издеп баштабады беле. Сиз дагы ошол ыкма менен азыркы абалдан чыгып кетсек болот деген ойду айтып жатасызбы?

— Туура, орустар Африка өлкөлөрү, Иран, Кытай менен алакасын бекемдөөгө жетишип жатат. Бул ыкма бизге да туура келет. Кыргыздын мыкты экономисттери да ушуну айтып жатпайбы. Бизден чыккан товарды дүйнө жүзүнө саталы, бирок биринчи кезекте өзүбүздүн ички рыногубузду камсыздабайлыбы деген ойлорун айтышууда. Мен 2012-жылы Финансы министри болуп барганда электрондук соода-сатыкты интернетке чыгарып койгонбуз. Жылына 63 млрд сомго бир нерселерди сатып алат экенбиз. Бүт дүйнө жүзүнөн сатып алабыз да, Кыргызстандын ичинен эч нерсе сатып албайбыз. Ушул акмакчылыкты токтотушубуз керек. Электрондук системаны киргизип жатканда өзүбүздүн товарларды сатып алышыбыз керек дегенбиз. 63 млрд сомдун жок дегенде 50 млрд сомуна Кыргызстандан чыккан товарларды сатып алабыз десек, Казакстандын ун чыгарган заводдору бизге келип завод курмак. Кошумча нарк деген түшүнүк бар. Кошумча нарк Кыргызстандын аймагында пайда болбосо анын экономикага, элге пайдасы жок.

— Казактар беребиз деген 100 млн доллардын тарыхы көптөн бери келатат окшойт. Бул акча башында кайсыл максатта бериле турган болгон?

— 2005-жылы революциядан кийин биринчилерден болуп жардам беребиз деп казак президенти Нурсултан Абишович өзү келген. Ал убакта Акаевдин убагында шайланып калган парламент, Өкмөт болсо революция менен чогуу келгендер болуп аябай карама-каршылыктар бар эле. Парламенттин депутаттарын, Өкмөттүн айрым мүчөлөрүн “Хаят” мейманканасына чакырып алып Нурсултан Абишовичтин айткандары бар. “Казак-кыргыз бир тууганбыз. Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт. Беттерибизди карасаңыздар баарыбыздын беттерибиз жапжалпак. Андыктан силер ынтымакка келгиле. Улуу киши болгондон кийин силерди ынтымакка чакырам. Мен Өкмөтүмө тапшырма берип, 100 млн доллар жардам берем. Жабыр тарткан ишкерлериңерге жардам берип, экономикаңарды ордуна коюп алгыла” деп айткан сөздөрүн унута элекмин. Мен анда Финансы министримин да. Биз андан кийин канча жолу бардык, эч нерсе жок. 2007-жылы азыркы президентибиз Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп иштеп турганда, айлабыз кеткенде кыргыз-казак фондусун түзөлү деген сунуш бердик. Мен анда Экономика менен Финансы министрлигин бириктирип, башында тургам. Фонд түзүүнүн баардык жоболорун аткардык, парламенттен ратификациядан дагы өткөргөнбүз. Тилекке каршы, ал дагы ошол бойдон калып калды. Демек, 100 млн доллар 12 жылдан бери келбей турган акча болуп калды деп ойлоп жатам. Өзүбүз мамлекет болгонубуздан кийин өзүбүзгө керек нерселерди өзүбүз чечкенди үйрөнөлү да. Бир нерсе болсо эле бирөөдөн карыз же грант алып, президент менен премьерлерибиз бирөөнүн алдына башын ийкеп жүргөн убактар өтүшү керек деп айтам. Биз болгону 6 млн элбиз, бир млн эки жүз миң үй-бүлө бар. 25 жылдын ичинде 900 миң үй-бүлө бутуна туруп кетти. 130 миң үй-бүлө ханга салам бербеген байлар. 700 миңге жакыны орто катмардагы үй-бүлө болуп калды. Колунда таптакыр жок болуп аткан 130 миң үй-бүлө бар. Аларга чек ара ачылабы же жабылабы айырмасы жок. Түздөн-түз жардам беришибиз керек. 270 миң үй-бүлө кедей деп каралат. Ушул 400 миң үй-бүлөнү тыңдап бага албай жатабыз. Союздун илеби менен баарына тең кылышыбыз керек деген системаны улантуудабыз. Миң сом кедейдин баласына чоң акча болуп жатса, байдын баласы үчүн миң сом чемичке. Байга эмнеге берип жатабыз деген сөз жок. Байдын үйүндө 100 лампочка күйсө, кедейдин үйүндө 3 лампочка күйүп жатат. Социалдык тариф менен элге жардам берип жатабыз деген менен орто катмар менен байларга абдан пайда болуп жатат да, кедейлерге дагы пайдасы жок калууда. Ошондуктан экономикабыздын структурасын оңдоп, байлар менен орто катмарга бүткүл дүйнө менен соода кылганга шарт түзүп беришибиз керек. Алар өздөрүнүн тагдырын чечип алышты. Буларга бөгөт койбой, жолдорун ачып бергенге Өкмөт менен парламент милдеттүү. Алардан көбүрөөк салык жыйнап, кедейлерди бутуна тургузуп жиберишибиз керек.

— Чек арадагы көйгөйдөн кийин ЕАЭС тууралуу гана сөз кылып жатабыз. Бул уюмдан сырткары Казакстан менен Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна дагы мүчө өлкөлөр. Дүйнөлүк соода уюмунун шарты боюнча биздин товарлар ал уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн баарына чыгышы керек. Казакстан ушул шартты аткарууга милдеттүү. Кыргыз тарап дүйнөлүк уюмдун шарты бузулуп жатканын айтып, казак тарапка доомат коё алабы?

— Дүйнөлүк соода уюмуна казактар кирип жатканда, парламенттин ушул чакырылышына акыркы протоколуна кол коёбуз деп келгенде менин коллегаларым, Өкмөт дагы көңүл бурбай коюшту. Мен ошондо эле келбей жаткан 100 млн долларды алып алалы, чек арада кандай маселелер болсо бүгүн чечип алалы, казактарга азыр кол койбой туралы дегем. Бүт баары Жапаров президенттин саясатына каршы чыгып жатат дешип өкмөттүн тегерегинде жүргөндөрдөн баштап кээ бир журналисттерге чейин жамандашкан. Дүйнөлүк соода уюмунда арбитраждык кароолор болот. Биз ошонун процедураларын үйрөнүп, кат эле жазып койбостон, арбитраждык кароого беришибиз керек. Дүйнөлүк соода уюмунда дагы жанагы эле төрт боштондук, анын ичинде товардын боштондугу бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлөт. Андай болбосо аларга айып төлөнөт. Арбитраждык кароо аркылуу жапа чеккен дыйкандарыбыз тарткан зыянынын суммасын чыгарып, ушуну төлөйсүң деп Казакстанга доо койсок болот. Бизде шайлоо дагы бүттү. Жаңы шайланып келген президентибиз коңшулар менен тил табат деп ойлоп жатам. Тил табышкан күндө дагы бул кайрадан кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан өзүбүз бүт баарына даярданышыбыз керек. КВНде татарлардын командасынын бир тамашасы мага абдан жакты. Бизде алга деген тарыхый сөзүбүз бар дейт. Орусчага которгондо кандай болот десе, “Вперед” дейт, атты минип алып алга чабабыз десе, алга деген сөз алдыны көздөй дегенди билдирет экен, артка деген кандай болот деп сураса, бизде артка деген сөз жок, аттын башын буруп, дагы алга дейбиз деп жатпайбы. Биз дагы артка кайтпастан, чек арадагы кризистен ийгилик менен чыгышыбыз керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу