Акылбек Жапаров: «Азыркы президент менен премьер-министр өткөн жылга салыштырганда 14 млрд. сом көп чогултту»

— Акылбек Үсөнбекович, бажыдан бюджетке 70 млрд сом түшпөй калды деп көтөрүп чыктыңыз. Кайсыл мезгилде түшпөй калганын ачыктабайсызбы?

— Үч чоң тармакка такай көңүл буруш керек. Тыштан 10 млрд доллар акча алсак, анын 22–24 пайызы энергетикага кетти. Энергетикадагы коррупцияны көрүп жатасыздар. 21–23 пайызга чейин жолго жумшадык. Бүгүн жолдогу коррупцияны элдин баары айтып жатат. Өткөндө “Ата-Мекен” фракциясы мени “Жерүй” боюнча жыйынына чакырышкан экен, ыгы келип калганда жол боюнча дагы айтып кеттим. Дүйнө боюнча жолду бир чекиттен экинчи чекитке чейин курат. Ошонун калыңдыгын, жука-туурасын кичинейтип кичинеден жешет. Бизде өткөн президенттин убагында 7 км жолду кесип салып, Бишкек-Кара-Балта жолунун ордуна, Сокулук-Кара-Балта жолу кылып коюшту. Ушул деңгээлге жетип калганбыз. Ушул эки тармактагы коррупцияны жокко чыгарышыбыз керек. Энергетикадагы коррупция боюнча Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктын жардамы чоң болду. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин саясий эрк күч болуп, энергетиканын баарын парламентке берип, парламент ачып салды. Мындан кийин энергетикада мындай чоң коррупциялык схемалар иштеши мүмкүн болбой калды. Эми эч ким бир кычкачты 600 долларга алдырбайт. Экинчи этабы менен жол тармагын ордуна келтирип койсок жакшы болмок. Бул дагы жакында болот деп ойлоп жатам. Себеби, комиссиялар түзүлүп, маселелер каралып жатат. Ушул эки тармактан тышкары бажы тармагы бар. Грузиядагы реформанын баары бажыдан башталган. Арменияда Пашинян дагы ушул тармактан баштады. Бизде дагы бажы тармагындагы болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баарын оңдоого убакыт келди. Дүйнө жүзүндө товарлар биздин аймактан өтсүн деген аракет болот. Товардын көбү бизден өтсүн деген экономикалык күрөш жүрөт. Ошондуктан, Кыргызстандан өтүп кеткен товарлар менен менин чатагым жок. Эптеп бизден товар өтүп турса, өзүбүздөгү ишканалар дагы иштей берет. Бирок, Кыргызстандын аймагында сатыла турган товардан толук түрдө салык алышыбыз керек. Депутат Элвира Сурабалдиева фискалдык комитетте так аныкталган маалыматты берди. Бизде “Айфон” деген телефондор 33 доллардан растаможка болот экен. Кыргызстанда ИДПнын көлөмүн бир адам баласына 1400 долларга чыгара албай жатабыз. Жаныбыздагы Казакстан ИДПнын көлөмүн бир кишисине 14000 доллар туура келгендей кылып көтөрүштү. 30 өнүккөн өлкөнүн катарына киребиз деп атышат. Алар “Айфон” деген телефонду 850 долларга баалап, ошол суммадан салык алышат экен. Ушундай жат көрүнүштөр Кыргызстандын ичинде болбошу керек. Биз дагы “Айфон” 850 доллар деп сатылабы, ошол суммадан салык алышыбыз зарыл. Мен ушул тууралуу айтып чыктым. Бажыдагы терс көрүнүштөрдү мен айтканым жок, мурунку өлкө башчы маалымат жыйын курганда “2017-жылы 10 млрд сом бюджетке түшпөй калды” деген. Ал кишиде маалымат болсо керек да. 6 жыл өлкөнү башкарып турган соң, ал кишиде маалымат жок деп айтыш кыйын. Ошондуктан маалыматты билип туруп айткан болуш керек деп койгом. Азыркы Өкмөт 2017-жылга караганда 14 млрд сомго көбүрөөк бажы төлөмүн топтоду. Биз соода-сатыкты, тарифтерди кескин түрдө көбөйткөн жокпуз. Бирок, азыркы президент менен премьер-министр өткөн жылга салыштырганда 14 млрд сом көп чогултту. Демек, мурунку президент бажыдан 10 млрд сом түшпөй жүргөнүн билген экен. Ал киши премьер-министр болгон жыл менен президенттик алты жылды кошуп, 7 жылга 10 млрдды эсептегенде 70 млрд сом бюджетке түшпөй жүргөн турбайбы деген ойду козгодум. Ушуну укук коргоо органдары бул акча эмнеге түшпөй калды деп сурап койбойбу? Азыр укук коргоо органдары бюджетке түшкөн акчаны ким уурдады деп капкан коюп, мылтыгын көтөрүп 500 сом алган санитар менен медайымды кууп жүрүшөт. Тагыраак айтканда тиричилик коррупция менен алек болуп алышты. Ушунун өзү туура эмес. 1 млрд доллар бюджетке түшпөй калса, айрым бир эргулдар мульти-миллионер болушса, ошолорду сурап койбойсуңарбы деген маселени көтөрдүм. Мен бирөөнү жамандап, бирөөнү мактагандан алысмын. Жалаң цифралардын анализи менен айтып чыктым.

— Бажы тармагындагы жетекчилик кызматта иштегендер, аларды ошол жерге алып барып олтургузган адамдардын баары эле миллионер аталып жүрбөйбү. Ошолорду текшерип чыгыш керек деп атасызбы ошондо?

— Энергетика, жол, бажы тармагынан байыгандар мындан кийин байлык чогулта алышпайт. Система өзгөрдү деп айтып жатам. Президент Сооронбай Жээнбековдо саясий эрк болуп, ушул өзгөрүүнү жасай баштады. Украинада миллиардер Порошенко бийлик башына келип жасай албады. Олигархтар менен кармашып жатат, тигил жагынан коррупциясы жайнап кетти. Биздин аракеттеги президентибизди бирөө такыр чечкиндүү кадамга бара албайт, мунун саясий эрки жок деп алып келди эле, бул кишинин саясий эрки бар экенин көрдүк. Байлык топтогон система аягына чыгып калды, эми өзүңөрдү байытканды токтотуп, элди байыткыла, эл бай болсо силер дагы бай болосуңар деген таризде айтып жатам. Сооронбай Жээнбеков ушул темпте мындай системалардын баарын жабат. Көздөгөн жолунан кайра кайтпайт. Өзү менен бир партияда чогуу бирге жүрүп, кызматта тегерегинде бир болгон адамдарды камоого эрки жеткен, бажы тармагында байып жаткандарды токтотконго сөзсүз эрки жетет. Президентти күтпөстөн Өкмөт дагы системаны өзгөртүшү керек. Бажыдагы жигиттер концертти токтотууга тийиш. Өзгөчө бизге киреше алып келип аткан, кирешени чогулткан жердеги балдар мындан ары ойнобогула, келечегиңер жок деген сөздү айтып жатам.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу