Акылбек Жапаровдун идеяларынын акылга сыйбастыгын анын ишкерлик ой жүгүртүүсүнө байланыштырышты

Депутаттын ишкерлерге элчилик паспортун берели деген сунушун эксперттер сынга алышты

Эгерде элчиликтин паспортун баарына эле четинен бере берсе, анда бул атайын документтин баркы кетет. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына КР ТИМ алдындагы Элчилик академиясынын мурдагы проректору Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

Түшүндүрө кетели, депутат Акылбек Жапаров «Кыргыз Республикасынын элчилик паспортун колдонуу жана берүү маселеси тууралуу» жогорку Кеңештин токтом долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.
Анда депутат элчилик паспортту ишкерлерге 5 жылдык мөөнөт менен үч жыл ичинде 10 миллион сом салык төлөй алган ишкерлерге берели деген сунушту киргизди.

Жапаров ушуну менен өлкөнүн өнүгүүсүнө байкалаарлык салым кошкон ишкерлерди белгилеп коюну сунуш кылат. Ошону менен бирге эл өкүлү бул норма жарандардын салыкты төлөөсүнө өбөк болот деп ишенет.
— Ал жерде элчилик паспортту кандай кызматтагы адамдардын алаары так көрсөтүлгөн, — деп эскертет Осмоналиев. — Негизинен жогорку саясий кызматтагылар алышат. Ал эми төмөнкү рангадагы чиновниктер болсо кызматтык паспорт алышат. Элчилик паспорттун артыкчылыгы, ал паспорт аркылуу кээ бир өлкөлөргө визасыз барып келүүгө болот. Акылбек Жапаров болсу бул сунушу менен элчилик паспорттун бүтүндөй концепциясын бузганы жатат. Ал эми концепция деген — бюул атайын документтин саясий гана элитага берилиши, ал киши чет мамлекетте биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргойт.
Жапаров болсо аны ишкерлерге таркаталы дейт. Менин болжолумда ал келечекте депутат болбой калсам деп, бул мыйзамды өзүнө камдап жаткансыйт. Шайлоодон кийин көптөрү Жогорку Кеңешке келе албай калышы мүмкүн, бирок «сонундарды» пайдалана бергилери келет.

Өз кезегинде мурунку элчи, саясат таануучу Марс Сариев да Акылбек Жапаровдун демилгесине макул эмес.
— Элчилик паспорт бир гана мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон адамга берилет, — деди ал Vesti.kgсайтына. — Ал деген мамлекеттин жүзү. Бизде азыр ишкерлерге атайын документ бермек турсун, кээ бир депутаттарыбыздын кош жарандуулук көйгөйү турат. Бул демилге улуттун кызыкчылыгына коркунуч туудура турган нерсени өзүнө камтыйт.

Марс Осмонкулович Кыргызстанда узак убакыттан бери чет элдик жаранга кыймылсыз мүлктү сатуу маселеси колдоого алынып келгендигин эскерте кетти.
— Жапаров өзү ишкер жана ой жүгүртүүсү да ошого жараша, -дейт ал. Бул кийинчерээк курулуш компанияларынын биздин жашообузга киришине болгон биринчи кадамы.

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу