«Акыйнек айтышуу» Илим Карыпбеков Бек Борбиевге кайра жооп берди…

 Бек Борбиевдин кечеги КТРК жетекчисине жазган билдирүүсүнө,   Илим Карыпбеков кайрадан  жооп катары өздүк баракчасына жазып чыкты.

Анда, Илим мырза өз сөзүн төмөнкүчө билдирген: «Оииий! «Акыя Акыя Берадор байкебизден бир шиңгил болдук го»! Урматтуу Берадор байке! Мага жакшы таалим берип жатканыңызга ыраазычылык билдирем. Мен эми Сиздей билимдүү, интриган эмес, ички дүйнөсү кең, ою түз, кошоматтан алыс, көп жакшылык кылган, манкурт эмес болгонго аябай аракет кылам!

А Сизге чыгармачылык ийгилик, денсоолук, аманчылык, ар тараптуу көрөгөчтүүлүк жана мага ойлогон жаманчылыктарыңыз Сизге толугу менен жакшылык болуп кайрылып келишин, анан ар дайым ушунуңуздан жазбай бийик болуп жүрө берүүңүздү каалайм! Аман болуңуз!» -деп билдирген.

Ал эми интернет колдонуучулар да эки тараптын билдирүүлөрүн окуп, өз пикирлерин байма-бай жазышууда.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу