Акыйкатчы кызматына талапкерлер каралат

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитети акыйкатчы кызматына шайлоого сунуш кылынган талапкерлерди карайт. Буга байланыштуу парламенттеги беш фракциянын лидерлери баяндама жасайт. Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы талапкер сунуштаган жок.

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы бул кызматка мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты мекеменин жетекчилигине юридикалык бөлүмдүн башчысы Урмат Аралбаевди, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуш кылган. Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова да акыйкатчылык кызматка баруу ниетин билдирген. Анын талапкерлигин «Бир бол” фракциясы көрсөтүп жатат.

Эреже боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Мурдагы омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Эки ай аралыгында парламент жаңы талапкерди бекитиши керек болчу.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу