«Акшоола» сериалында Ынактын ролун жараткан, Эржан Осмонов, актёр: «Сериал башталганда сыртка чыгып кетем…»

Учурда коомдук каналда жүрүп жаткан «Акшоола» сериалы популярдуу болуп, көрүүчүлөр актёрлор күлсө кошо күлүп, ыйласа кошо ыйлап жаткан кездери. Өзгөчө башкы ролду ойногон мырза Эржан Осмоновго карата ой-пикирлер көп жазылып, анын жеке жашоосуна кызыккандар арбын.

— Эржан мырза, учурда коомчулуктун сиздерге кызыгып турган убагы. Ал сизге билинип атабы?

— Өзүм дайыма коомдук транспортто жүрөм, ал жактан эч кандай деле реакция байкалбайт. Ал эми социалдык тармактардан ар кандай каттар, ой-пикирлер келип атат. Кээси ыраазычылыгын билдирсе, кээси сөгүп жазышат. Кызыгы, айрым адамдар кинону ишенип көрүп, ошонун ичине кирип кетишет экен. Мени кадимкидей урушуп кат жазышат. Бир эже: «Сенин мээң иштебейт турбайбы таптакыр»- деп жазды. «Эмнеге?» десем: «Кайсы келесоо киши аялы толготуп жатканда басып кетип калат?» -деп урушту. «Эже, кинону аягына чейин көрүңүз, түшүнүп, анализдеп анан жыйынтыгында мага жазыңыз»- десем да түшүнгүсү келбей: «Кыскасы мээң иштебеген адам экенсиң»-дейт. Мен кандай гана сын- пикир айтылбасын кабыл алып атам. Сын айтылып турса адам чыйралат. Мактоо да угабыз, анда деле көөп кетпейм.

— Театрда иштегениңизге  көп эле болду окшойт, бирок актёр катары акыркы жылдары эле жылдызыңыз  жанды.

— Театрга 2009-жылы ушул эле Улуттук драма театрынын алдындагы училищеде окуп жүрүп кабыл алынгам. Ошондон бери иштеп келе жатам. Театрда жалпысынан отуздан ашык башкы ролду ойнодум. Бирок чынында мен үчүн жемиштүү жылдар 2016-2017-жылдары башталды. Ыраматылык Марат Козукеев өмүрүнүн аягында жакшы спектаклдерди коюп, башкы каармандарды мага берген. Бактыгүл Чотурованын «Тумар ханышасы» спектаклинде Руслан хандын, Кайрат Иманалиевдин «Керээз» спектаклинде Боромбай хандын ролун жаратып, театрда ийгиликтерим жакшы болду. Кино тармагына деле мурунтан бери эле аралашып, ролдорду аткарып жүргөм. Режиссёр Алим Токторовдун «Жыйырманчы жаз» тасмасында башкы ролду, ошол эле жылы «Жел кайып» деген тасмада да башкы ролду ойнодум. Бирок,  андан кийин театрдагы иштерден колум бошобой, кинолордон түшкөн сунуштарга макул болгон жокмун. Былтыр гана режиссёр Ырыс Окенова сериал тартарын айтып «ушул ролду ойной аласыңбы?» -дегенде «албетте, ойной алам»- дедим. Жыпар Исабаеванын «Адашкандар» чыгармасы менен толук тааныш болчумун, андыктан ойной аларыма көзүм жетти. Кыргызстанда сериал тартылып атса кантип жок дейсиң. Кыргыз эли күн сайын теледен көрүп жатса озүңө да жагымдуу. Ар бир артист элге таанылсам, эл талантыма күбө болсо деп ойлойт эмеспи.

— Сериалды өзүңүз көрүп жатасызбы?

— Сериалды өзүм жалгыз болуп калсам гана көрөм. Бирөөлөр менен чогуу отурганда башталып калса чыгып кетем. Эмнегедир тартына берем.

— Театрдан тапканыңыз үй-бүлө багууга жетеби анан?

— Албетте, кенен жетет деп айта албайм, бирок үнөмдөп жеткирсе болот. Менин үч балам бар. Улуусу мектепте 2-класста окуйт, андан кийинкиси бала бакчага барса, үчүнчүсү кичине, апасы экөөбүздү ээрчип театрда жүрөт. Келинчегим да актриса, экөөбүз училищеде чогуу окуганбыз, азыр чогуу иштейбиз. Катар-катар балалуу болуп келинчегим чыгармачылык менен көп деле иштей элек. Буюрса, актриса катары таланты эми ачылат деп ойлойм. Айбек Касымовдун «Кымбатым» деген клибинде роль жараткан, «Абийир кечирбейт» спектаклинде Шайгүлдү, «Манастын уулу Семетейде» Кишимжанды ойноп жүрөт.

— Yч баланын атасы экениңиз жаңылык болду, канча жашыңызда турмуш курдуңуз эле?

— 20 жашымда. Келинчегим экөөбүз тең 3-курста театрга жумушка кирдик, 4-курска келгенде кыштын күнү 18-декабрда баш кошконбуз. Училищени бүткөндөн кийин билимибизди жогорулатуу максатында Искусство институтунан билим алдык.

— Эки студент баш кошуп алгандан кийинки жашоо кандай болду?

— Экөөбүз театрда иштеп 2 миң сомдон 4 миң сом айлык алчубуз, батирге 5 миң сом төлөйбүз. Кудай ырыскысын бере берет экен, батирди төлөй албай же ачка калган күнүбүз болгон эмес. Үйүбүз Чыгыш-5 кичирайонунда болчу, жумушка жөө келип кетчүбүз. Кийин кызыбыз төрөлүп калды, аны коляскага салып алып келебиз. Бир жыл келишим менен иштегенден кийин бюджеттик негизге өтүп айлыгыбыз 4 миңден 8 миң сом болуп калды. Ошондон кийин акчабыз көп көрүнүп жыргап калдык. Жубайлар бири-бирин түшүнүп, ортодо сүйүү болсо, баарына чыдаса болот экен. Азыркы жашоодо уруштун баары акчадан, жетишпестиктен чыгат эмеспи. Биз жетишпестиктин айынан такыр урушкан жокпуз. Азык-түлүк ата- энебизден келип турчу. Экөөбүздүн жумушубуз, кызыгуубуз бир болуп кафе, көңүл ачуу менен ишибиз жок, кечке иштеп, чарчап барып жатып калчубуз.

— Бүгүнкү күндө үй-жайлуу болдуңуздар беле?

— Жок. Театрдын склады бар, ошол жерде жалаң театрда иштеген 11 үй-бүлө жашайбыз. Ар бирибизде бирден бөлмө бар. Батирлеп жүргөндөн көрө үй алганча жашап туралы деп атабыз.

— Театрды таштап кирешелүү жумушка иштеп кетсем деген ой келеби?

— Ооба, андай ойлор көп эле болду, азыр деле болот. Кетейин деп көп аракет кылдым. Чет мамлекетке барып иштеп келип, жок дегенде үй алып үй-бүлөмдү киргизип коюп анан актёрдук кесибимди улантсам деп калам. Бирок театрдан кете албайт экенсиң, тузу оор деп коюшат го. Ал турсун үйгө эрте келе берген күндөрү  бир нерсе жетишпегендей болуп кызыктай боло берем. Театрдын иши абдан шаңдуу, баарыбыз бир туугандайбыз, эрте менен келсем, кечке кетким келбейт.

— Спектакль учурунда сахнада кызык учурлар көп болсо керек?

— Сахна кызыктарга бай. Өзгөчө текстти унутуп калган учурлар көп болот. Андайда өнөктөшүңдү карап жаагыңды сылап калсаң, текстти унутканыңды дароо билет. Спектакль текст түрүндө болгондо маанисине жараша сүйлөп атып ал абалдан чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк болот. Ал эми ыр түрүндө жазылган спектаклдерде бир жеринен жаңылсаң болду, кийинкисине өтө албайсың. Досторум «ошончо спектаклдин сөздөрүн кантип жаттайсың?» -деп сурай беришет. Биз айлап даярданабыз, сахнага чыкканда эле сөздөрү куюлушуп эсиңе келе баштайт.

— Актёрдук кесипти кандайча тандап калдыңыз эле? Эмнеге таасирленгенсиз?

— Мен Таластын Талды- Булак деген айылында туулуп-өскөм. Биз бала кезде жаш таланттарды колдогон «Мээрим» фонду бар эле. Дайыма «Жаш таланттар» -деген балдар арасындагы сынак болуп турчу, мен анда манас айтчумун, Султан Садыралиев дастан айтчу. Мектепти аяктаганда Султан ырчы болом деп Искусство институтуна тапшырды. Мен ыр жагына жок элем, актёр болгум келди. Бирок апамдар каршы болушту. Апам мени өзү окуган Бишкектеги Финансы Экономикалык техникумуна алып келди эле мен такыр болбой туруп алдым. Анан менин оюма көнүп филармонияга алып келди, ал жерден текшерип көрүп ырдай албасымды билип, театрга жөнөтүштү. Театрга келип, өтүп кетип окуп калгам.

— Театрда келинчегиңиз менен бирге иштейт экенсиз, бул нерсенин жакшы жактары көппү же терс жактарыбы?

— Ушул нерсе тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Бирок оң жагы эле көп го дейм. Себеби съёмка деп күнү-түнү жүрүп калган учурларым болот, андайда бири-бирибизге ишенебиз. «Акшоола» сериалында деле актриса кыздар менен кучакташып сүйүшкөндөрдүн  образын жараттык. Башка аял болгондо «сериалыңды токтот» демек, жубайым колдоп турат. Өнөктөшүм Самара Каримованын жолдошу Асан байке да чыгармачылыкты түшүнгөн адам экен. Чыгармачыгыңды өмүрлүк жолдошуң түшүнгөнү эң жакшы нерсе.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу