Акча үнөмдөөнүн алты жолу…

Айланабызда карыздан-карызга батып жашагандар алда канча көп. Акчаны кантип үнөмдүү пайдалануу керектигинин жолдору боюнча сөз кылабыз.

Адистер акчам жок деп наалый берүүнүн кереги жок экендигин эскертип келет. Ал үчүн алдыңызга максат коюп, оптимисттик маанай менен жашаңыз.

1.Чыгымдарды алдын ала пландаңыз!

Алдын ала чыгымдарды пландап алуу сиздин чөнтөгүңүзгө жакшы. Мындай ыкма ашыкча каражат коротуп алуудан сактайт.

2.Соода жасоо алдында ойлонуңуз!

Ала турган керектүү буюмдарыңызды алдын ала тизмеге түшүрүп алыңыз. Үйдө эмне бар, эмне жок экендигин кагаз бетине жазып алганыңыз оң.

3.Бир буюмду экинчи буюумга альтернатива жасаңыз!

Мисалы, акчаны үнөмдөө максатында кези-келген окшош буюмдардан баш тартып койгон эле жакшы. Мындай жол менен сиз бираз болсо дагы акчаңызды үнөмдөп, жайкы эс алууңузга ашырып аласыз.

4.Ден соолугуңузга кам көрүңүз!

Суук күндөрү башыңызды жууп, дароо эшикке чыгуудан сактаныңыз. Антени, дароо шамалдап ден соолукка таасирин тийгизет. Ал үчүн кыштын суук аба ырайында апаларыбызды угуп, жылуу кийинип жүргөнүбүз өзүбүзгө жакшы. Башым ооруду деп ашыкча чыгымдан алыс болосуз.

5.Комуналдык төлөмдөрдү үнөмдөөнү үйрөнүңүз!

Ал үчүн үйүңүздө кереги жок учурда деле жарыкты кодонуудан баш тартыңыз.

6.Эптүү болуңуз!

Бул деген сөз бир нерседен, экинчи бир керектүү буюмду жасап алуу. Балдарыңызга өзүңүз кийим тигип же болбосо аны токуп берсеңиз болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу