Акчанын кусуру урбасын, эй ал көөдөн?

Интернет деген ар балээнин башын чаргытчы болду. Өткөндө темтейген эле бирөөнү “жылдыз” кылып жиберишти. Бозомтук бөлмөдөгү темир мешке ал эргул от жагыла электе акчасын өрттөмөкчү болгонун көрсөтүп тимеле адыраңдап болбойт. Чамасы “чөптөн” чегип алганына маашырланып кеткен “көпөс” беш миң сомдуктун үчөөсүн ашыкча көрүп алса керек. Айтор, чала-була өрт коюп жиберди далдалактап. Мендей болуп Бабанов деле акчага от кое албайт деп тыңсынганын кантесиң? Ал олигарх акчаны өрттөмөк түгүл жерден бир сом таап алса үйлөп туруп чөнтөгүнө салып алат. Себеби, акчанын кадырын ал жакшы түшүнөт.

Элдикиндей особняк тамы болгондо тигил “азамат” жер баспай калмак экен ботом. Негизи ким акчаны кордосо өмүр боюу ага жетпей зарлап жүрүп өтүп кетерин неге айта албайбыз? А чынында өзүн пиар кылам деген эргулдун бул номуру өтпөй калды. Эгерде кызылдай мээнети менен тапкан каражатына келишкен там салып, жашоосун оңдогонун тастыктаса аны баракелде демекпиз. Демек, бир болбогон нерсеге кол чабыштын зарылдыгы жок. Бул эми аң-сезими ордундагы адамдын көз карашы. Ал эми эмоция менен шугулдангандар буга окшогон дагы далай пиарларды жасай беришет. Турмуштун табияты ошондой. Айрыкча жеңил-желпи нерседен “төө” кылганга аракеттенгендер деле жок эмес.

Булак: Ачык сөз 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу