Актриса Ырыс Жоомартова: «Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм…»- деп сүйүүсүн билдирди…

Актриса Ырыс Жоомартова өз кесибине болгон сүйүүсүн, сезимдерин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Актриса баракчасына камера алдында түшкөн сүрөтүн жүктөп:

“Камера сени сүйөм, сени сагынып турам, сенсиз жашай албайм. Камера сен менин жашоомдун маңызысың. Камера сен менин сүйгөн кесибимсиң, келечегимсиң, сенсиз кино жарата албайм, сен менин ойлорумсуң”, -деп баяндама жазып койду.

Кыргыз киносунун жүзүнө айланып бараткан актрисалардын бири Ырыс Жоомартова муну менен кесибин канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүн айтууга аракет кылганы көрүнүп турат.

Ал эми актрисанын катталуучулары постко “чыныгы талант”, “мыкты актриса”, “сизди жакшы көрөбүз” дешип жылуу пикирлерин жазып калтырышты.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу