Актан Рыскелдиев, тамашоучу, актёр: «Керексиз  сын-пикирлерди, келинчегиме жолоткум келбейт»

Жүзүнөн күлкү түшпөй, бардык нерсени позитив менен багынткан, ачык мүнөз, мыкты тамашоучу, Актан Рыскелдиев,  бул ирет биздин редакцияда конокто болду.  Бардык ролдун майын чыгара аткарган, актёр мырза биз берген ар бир суроого, тамашалуу жооп берип жатты.

-Ийгиликке жетүүңүздүн сырлары эмнеде? 

— Ийгиликке жетүүмдүн сыры  деле жок. Ар бир адам озүнө жаккан кесибин аркалап, ошол багытта иштесе, аракеттенсе, ийгилик өзү келип ага  жылмаят.  Албетте, эң алгач  эмгек, изденүү, эрктүүлүк мүнөөздөргө ээ болушубуз керек. Сен качан гана өз кесибиңе кызыгуу менен карап, көңүл бурсаң,  ийгилик ар дайым сенин жаныңда жүрөт.

-Жумушуңуздун графиги кандай?

-Чынын айтсам, башкалар сыяктуу менин жумушумдун графиги жок. Көбүнчөсү түндө иштеп, жигиттер менен биргеликте көптөгөн идеялардын үстүндө ойлонуп, жумушубуздун аягына чыгабыз. Ал эми, башкалар таң эртеден туруп,  жумушка кетип жатса, биз ал мезгилде,  таттуу уйкуга кетип жаткан болобуз ( күлүп).

-Жашоодо жана чыгармачылык чөйрөдө өзүңүздүн ордуңуз кандай?

-Жашоодо буйруса, өзүмдүн ордумду таап келе жатам. Үйлөндүм, ата болдум. Деги эле,  жашоодо татыктуу орунду ээлеп, жакшы максаттар менен алдыга умтулуп жатам. Негизи,  адам баласы бул жашоодон өзүнүн ордун табуу үчүн,  эң алгач ата-эне жактан багыт алат эмеспи. Мен да,  ата- энемден алган тарбиямды, жашоодон туура орун табуу үчүн,  кеңири колдонуп жатамын. Ал үчүн, ата- энеме ыраазычылык. Ал эми, чыгармачылык жаатында буйруса, команда менен биргеликте баарына жетишип жатабыз. Эң алгач, өзүңүздөр билгендей эле, тамашоудо ойноп,  тамашоу аркылуу чет мамлекеттерге чыгып, позитивдүү командабыз менен чогу, жогорку орундарды ээлеп, жакшы маанай тартуулаганга жетиштик. Жалпысынан,  бул тармак аркылуу  өзүбүзгө кенен жол ачып алдык десем жаңылышпаймын. Буйруса, кино жаатында да эмгектенип, кино тармагында  өзүбүздүн ордубузду тапсак деген максаттар бар.

 

Жүзүңүздө дайыма күлкү, кайгырган учурларыңыз болобу?

-Ооба, көп учурда күлүп жүрөм (күлүп).Бирок, жашоодо ар кандай кырдаалдарга , окуяларга туш болобуз. Ошондой учурда,  мен да кайгырам, ойлоном, жакындарым эле билбесе, андай учурумду элге жарыялагым келбейт. Балким, ошондон улам  баары мени,  “Эч качан кайгырбаса керек”-, деп ойлоп калышат. Албетте, баардык нерсенин өзүнүн убактысы  болот, кайгырат десе эле, кайгырып жатып калыш керек эмес,  ойлонгон учурда,  ойлонуш керек, күлө турчуу жерде, күлүп жүрүш керек дегендей.  Күлкү бар жерде, шаңдуу нерсенин баары болот эмеспи. Мага позитивдүү жүргөн жагат. Ошондуктан,  үй-бүлөм менен, досторум менен да күлүп жүргөнгө аракет кылам.

-Экинчи ирет «ата» болушуңуз менен куттуктайбыз. Кандай сезимдерди баштан өткөрдүңүз?

— Албетте,  жылуу сезимдерге  кабыласын. Мындай кайталангыс сезимге  бир гана ата болгон инсандар түшүнсө керек. Биринчи ирет ата болгонумда, өзүмдө эч кандай сезим болгон эмес. Себеби, биринчи ата болуп, аталык милдет кандай болоорун билбегенимден болсо керек.    Ал эми экинчи уулум,  Анатай төрөлгөндө башкача сезимдер болду. Себеби,  «Экинчи ирет ата болдум»-, деп сүйүндүм. «Бекеринен балдар,  ааламга жарык берет»-, деп айтылбайт чыгаар. Бул сөздүн маанисин балалуу, бала жытына мас болгон ата-энелер гана түшүнөт.

-Уулдарыңыздын оргиналдуу ысымдарын ким койгон?

-Башынан эле мен , «Уул төрөлсө уулума, кыз төрөлсө кызыма,  нукура кыргыз  аттардан койсом»-, деген  максатым бар  болчу. Биринчи уулум,  Жантайдын атын чоң атасы койгон. Бул атты бир ирет укканда эле, мага  жаккан. Себеби,  мени келинчегим “жан”- деп чакырып, “жан”- деп сүйлөп , ата- энемдин жанында,  “жан”- деп айтып алып, өзү чочуп кетчүү (күлүп). Ошондуктан, «Келинчегим кененирээк «жан» -деп чакырсын, уулум экөөбүздү»-, деп Жантай деген атка токтолдум. Азыр келинчегим, «жан»- деп, уулумду чакырган  болуп, мага да сүйлөп алат (күлүп). Ал эми экинчи уулум,  Анатайдын атын өзүм койдум, биринчи уулум Жантайдын атына уйкаштырып.

-Сиздин оюңуз боюнча азыркы коомубуз кайда баратат?

— Азыркы мезгил интернеттин күчөп турган мезгилине туш келет. Албетте, биздин азыркы учурга чейин да, коомубуз ушундай эле деңгээлде болсо керек деген ой келет. Болгону,  азыр интернет аркылуу баарын көрүп калбадыкпы. Чынында,  азыркы коомубуз жакшыруунун ордуна, тескерисинче,  жаман жолго кирип кетти.  Чыккынчылык менен адам өлтүрүүлөр, алдамчылык ж.б ушул сыяктуу окуялар мени  кейитет.  Ар бир инсан өзүнүн көз карашын түздөсө, оюн жакшыртса, мен ойлойм,  «Коомубуз жакшы окуялар менен түптөлөт»-, деп.

— Сизге көп учурда берилүүчү суроолор?

-Көпчүлүк учурда, кайсыл жерде болбосун,  келинчегим туурасында көп сурашат. Менин келинчегимдин улуту өзбек. Бирок, улутуна карабайм, ал турасында ойлоп да койгон эмесмин. Себеби, «Менин келинчегим,  балдарыма татыктуу эне, меримдүү жар, ата-энем үчүн, боорукер келин». Келинчегиме, керексиз  сын-пикирлерди жолоткум келбейт. Ошондуктан, көп учурда менин келинчегим туурасында берилген суроолорго жооп бербейм. Эгерде, ал суроо туура ойдо берилип жатса, анда, жооп бергенге аракет кылам.

Акжуурат Эргешалыева 

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу