Актан РЫСКЕЛДИЕВ, актёр, алып баруучу: “Өзүмдү аябай стилдүү кийингем деп ойлоп…»

— Бул сүрөт 2006-жылы күз айында, мен Искусство институтунда экинчи курста окуп жүргөндө бир концерттен тартылган. Пиджакты “секонд хэндден” сатып алгам. Көйнөктү агамдан сурап кийгем. Ал эми туфли болсо атамдыкы. Мага чоң кийим кийген ыңгайсыз деле болгон эмес, анткени, өзүмдү бир стилде жүрөм деп ойлогом да. Тапканым жалаң ак түстөгү кийимдер болгон. Эгерде көк тапсам, аны деле кие бермекмин.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу