Акматалиев: Илмиянов чоң маалыматтын булагы

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар Икрамжан Илмияновго ишенген эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр Илмиянов чоң фигура эмес. Ал  ортодо калды.

«Илмияновдун «алдамчылык» беренеси менен кармалганы иштин башталышы гана. Алдыда дагы да көп жагдай жаралышы мүмкүн. Илмиянов чоң маалыматтын булагы. Эртең дагы бир канча бизнесмен «биз дагы акча бергенбиз» деп салышы мүмкүн. Мурунку жана азыркы бийликтин ортосунда саясий күрөш жүрүп жатат», — дейт Акматалиев.

Ал кошумчалагандай, Атамбаевдин айдоочусун чоң деңгээлге алып барганы анын элге, бийликке болгон мамилесин айгинелейт.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Булак: Марал радиосу 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу