Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев азыр бурчка камалган кийиктин абалында»

— Табылды агай, акыркы окуяларга саресеп салуунун алдында Атамбаевдин командасы тууралуу суроо бергим келип турат. Мурунку президент ишенген командасын түзүүдө эмнеден жаңылды? Жалаң өзүнө берилген адамдардан командасын түзбөдү беле. Ошол адамдар Атамбаевди уятка калтырып кетти да…

— Улуттук коопсуздук кызматы экс-президенттин эң жакын адамы, шопур И. Илмияновду камап, коомчулуктун көптөн күткөн тилегин орундатып, анын алкоосуна татыды. Кыргызстанда мындай иш аракеттер дегеле болчу эмес эле. 2018-жылы болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде Президент С. Жээнбеков коррупцияга күрөш жарыялагандан бери, өлкөнүн күч органдары мамлекеттик чоң кызматтагы киттерди, акулаларды камакка алып баштады. Камалгандардын көпчүлүгү экс-президент А. Атамбаевдин командасындагы жакын адамдар болуп жатканы мурдагы өлкө башчысынын шаштысын кетирди. Бүгүн коомчулук экс-президент Атамбаевдин тегерегин анык ашыккан коррупционерлер, өлкөнү дүңүнөн сатып жиберүүгө дайын кадрлар түзгөнүн билип калды. Камалгандар башка ишке деле жарабаган адамдар. Себеби, алардын көпчүлүгү Атамбаев менен тээ илгертен үзөңгүлөш болуп, анын этегин кармап оокат кылып келаткандар. Булардын бир тобу Атамбаевдин ишканасында иштешкендер. Атамбаев илгери жазуучулардын 50 млн рублин кымырып алып, анан Форум мекемесин түзгөндөн бери аны менен бирге келаткан адамдар. Ал кезде булар Атамбавдин шопуру, кеңешчиси, секретаршасы, жардамчылары, жансакчылары, завхозу болуп эмгектенишкен. Мына ушулардын колу жана күчү менен Форумдун карамагындагы ишкана сатылып жок болуп, алгачкы капитал топтолгондугун ММКлар тынбай жазып келди. Атамбаев өзү президент болуп шайлангандан кийин буларды мыйзам-сыйзамга карабай күчкө салып эле президенттин аппаратына, өкмөткө, чоң- чоң кызматтарга коюп, өзүнүн командасы катары сыпаттап келди. Бирок, ошол кезде эле булардын ар биринин артынан ар кандай сөздөр ээрчип келген. Айрымдарынын жогорку окуу жайын бүткөн эместиги да айтылып келди. Чынында ошол кезде эле Атамбаевдин командасы өлкөнү алдыга жылдырып жиберет деп эч ким ишенген эмес. Себеби, коомчулук булардын сабатсыз экендигин, чоң кызматтарга дайын эместигин билишкен. Бирок, Атамбаев өз мөөнөтүндө эмне кылса ошону кыла берсин, эгер экинчи мөөнөткө барам десе, анда иш башка болот деп, анын эркине тим коюшкан. Саясий элита, Атамбаевдин экинчи мөөнөткө бара албастыгын билип, ага эч тоскоолдук кылбай, тим койгон. Атамбаев болсо, өзүнүн сүйүктүү кадрларын кызматтан кызматка жылдырып, аларга бюджетти, чоң- чоң проектилерди, кредиттерди, гранттарды контролдоого шарт түзүп берген. Жыйынтыгында, коррупциялык схемалар түзүлүп, миллиондогон доллар акчалар кумга сиңгендей жок болуп, тонолуп, чакан топтун чөнтөгүнө түшкөнүнө бүгүн козголуп жаткан кылмыш иштер далил болуп жатпайбы. Атамбаев бийлике келгенден кийин да өзүнүн сабатсыз командасына өзгөчө артыкчылык бергени ачык болуп жатат. Ал эми тигилер эски коррупциялык схемаларын эми мамлекеттик деңгээлде жүргүзүп, өз кызыкчылыктарында аракеттенген. Болбосо, бул сабатсыз команда менен өлкөнү эч ким алдыга жылдыра албасы, айдан ачык көрүнүп турат.

— КСДП фракциясы менен саясий кеңештин ортосунда эмне талаш болуп жатат?

— Атамбаев өз мөөнөтү бүткүчө күн санап, менин бийликтен кетериме мынча күн калды, чыдап тургула деп, өз оппонеттерин тынчтандырып келди. Бирок, ал мөөнөтү бүтөөргө жакын калганда күн санабай калды. Көпчүлүк Атамбаев адепки оюнан кайтып, экинчи мөөнөткө барганы калган го деп болжолдой баштады. Бирок, Атамбаев экинчи мөөнөткө баруудан чоочуркады. Ошол эле учурда ал бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап турууга жан далбастай баштады. Ал Польшанын экс-президенти сымал өзүнө ылайыктуу мураскер караштырып, анан резиденциядан өлкөнү башкарууну эп көрдү. Шайлоо бүтөрү менен КСДПнын саясий кеңешинин төрагалыгын ээлеп, таасирин сактап калууга аракет кылды. Анан калса, өзүнүн турумун бекемдеш үчүн саясий кеңештин курамын өзгөртүп, ага өзүнүн тегерегиндеги С. Исаков, Ф. Ниязов, А. Ибраимовдорду алып келди. Бул кадамдары менен Атамбаев каратып туруп эле КСДПнын алгачкы күндөрүнөн бери бул партиянын мүчөсү болуп, анын калыптануусуна, өрчүп- өнүгүшүнө чоң салым кошкон ветерандарды экинчи планга түртүп салган. Атамбаев КСДПны өзүнүн тегерегине өткөзүп, кийинки парламенттик шайлоолорго ошолор менен барары айдан ачык болуп калган. Анын бул аракеттерин КСДПнын башка лидерлери жактырган жок. Ошентип, фракция менен саясий кеңештин ортосунда тиреш келип чыкты.

— КСДПнын штабы Атамбаев бийликке тырмышкан жок, ал КСДПны кийинки шайлоолорго даярдайт, аны жетектеп барат. Бирок, шайлоолордон кийин саясаттан биротоло кетет деген билдирүүсүн таратты. Ушул сөзгө канчалык ишенсе болот?

— Саясатта саясатчылардын жана алар берген убаданын баарына эле ишене берүү жаңылыштык. Саясат тиги же бул саясатчынын коомдогу таасирине жана учурдагы саясий абалга көз каранды болот. Бүгүн «өлүк» деп таанылган саясатчы бир учурда коомдун ошол кездеги талабына туура келген бирден- бир саясий оюнчу болуп калышы ыктымал. Саясий лидерлерди ар кандай негизде тергеп коюшат. Бирин, «туу көтөргүч» десе, экинчисин «өрт өчүргүч» деп. «Өрт өчүргүч» саясатчылар көбүнчө коом өтө катаал абалга тушукканда пайда болот. Ага чейин алар көпчүлүк саясатчылардын ичинде өтө өзгөчөлөнбөй, «эл арасында, көч карасында» деген принципте жашап келет. Бирок, кризистик маалда өтө чоң кадамдарга барып, элдин оозуна илинип, өзүнүн таасирин күчөтөт. Мисалы, ГКЧП учурунда Ф. Куловдун позициясын алсак болот. Ошондогу КР президенти А. Акаевге берген өтө так жана мыкты сунуштары, аракеттери менен элдин оозуна илинип, «элдик генерал» атыккан. Атамбаев азыр бурчка камалган кийиктин абалында. Ошондуктан, ал алсыз саясатчынын абалындагы позицияны көрсөткүсү келип жатат. Ошого анын штабы Атамбаев КСДПны шайлоого дайындайт, анан биринчи номерде партияны шайлоого алып барат. Бирок, эгер партия парламентке өтүп кетсе, анда ал чоң саясаттан биротоло кетет деп билдирип жатат. Партия азыр жаңы күчтөрдү чогултуп жатканы айтылууда. Атамбаев өз мөөнөт учурунда өз командасын түптөгөн. Анын өзөгүн Атамбаевдин мурдагы Форумдагы шопуру башында турган жарым сабат кызматкерлери түзгөн. Алардын эң барандуусу болгон “Шопур” алдамчылыкка шектелип камакта олтурат. Мына ушул өңүттөн ой жүгүрткөндө Атамбаев бийликтен кеткенден кийин дагы кандай жаңы команда түзөт, бир Кудайдын өзү билет. Экс-президент өз мөөнөт мезгилинде жаңы команданы кантип топтоорун даана көрсөтпөдүбү. Ал өз мөөнөт мезгилинде мыкты команда түзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, ал топтогон команданын эң негизги бөлүгү бүгүн камакта олтурат. Ошого штабдын жаңы команда топтойт деген билдирүүсү күмөндүү. Бүгүн Атамбаев жана КСДПнын саясий кеңеши бийликтин ката кетирүүсүн күтүп жатат. Ошондуктан, ММКлар аларды дайыма бийликти жаман атты кылчудай жана коомчулукту чаташтырчудай билдирүүлөрдү таратып жатат деп жазып келет.

— Атамбаевди саясатчы катары кандай баалайсыз? Атамбаев өзүнүн «ырында мен өтө кыйын учурларда да, беттегенимен кайтпай, катуу туруп, акыры утуп чыгам” дегендей ойду айткан. Ушуга ишенсе болобу?

— Атамбаевди саясатчылар экс-президенттердин ичинен эң куусу, митайымы деп билишет. Баарын алдап, ар түркүн амалга салып, камоочусун камап, алдоочусун алдап салды дешет. Албетте, күнүгө 24 саат бардык мамлекеттик ишти таштап коюп, бүтүндөй мамлекеттик күч структураларын өзүнүн душмандары катары көргөн оппозицияны аңдытып койсо, аны жасап коюш бийликтеги адамга оңой эле да. Экс-президент биринчиден советтик доордогу «вождизм» идеяларына сугарылган саясатчы. Ал өзүнөн көз каранды саясатчыларга өтө текебер, ал эми өзүнөн кубаттууларга өтө ийкемдүү, өзүн кул мүнөздүү образда көрсөткүсү келген саясатчы. Ал кубаттууларга өзүнүн эгосун ачкысы келбейт. Элге өтө жупуну, жөнөкөй, ачык, оюндагыны шар айткан адам катары көрүнгүсү келет. Ошого дайыма өзүнүн тулку боюна чоң келген, шалбыраган костюм-шым кийип, өзүн бир топ жашка келип калган аксакалдын образында көрсөткүсү келсе керек. Бирок, өзү котормочу, жазмакерлерге киргени менен ойчулдугу боюнча эч нерсеси менен айырмаланбаган, жеткиликтүү деңгээлде сабаттуу эмес, токтоолугу менен айырмалана албаган, эмоцияга алдырган, кармана албаган адамдай туюлат. Ошол эле учурда Атамбаев өзүн жана жакындарын өтө сүйгөн, бирок, инсан катары өтө кекчил десем туура го. Акаев анын өмүрүнө коркунуч туулганда аны коргоп калып, анан ал Түркияга чыгып кетендигин айтышат. Бирок, Атамбаев жылкы теппей, жылан чакпай эле, өзү менен макул болбогон саясатчыларды каматып салбадыбы. Албетте, мунун баары биринчи кезекте экс-президенттин көчө лидери экендигин көрсөтүп турат. Экс-президент башка революционерлерге караганда тобокелге бара алган, учурдан пайдаланып инициативаны колдон жулуп кете алгандыгы менен айырмаланат. Эгер экс-президент мындай мүнөзгө ээ болбосо, анда ал эч убакта бийликке келе албас эле. Ошого экс-президент өзүн көчөдө өлүмүш баатырдын, ал эми бийликте жүдөмүш королдун образындагы инсан катары көрсөтүп жатты. Жүдөмүш королдун образында болуп алып саясатчыларды да, оппозицияны да, элди да алдады, өз мөөнөтүнүн аягына чейин бийликте кала алды. Керектүү учурда баатыр болуп чыга келип жатты, кереги жок учурда каптын түбүнө түшүп кеткен ийнедей жоголуп кетип, кайра табылып сахнага жаңы чыккан актердой кубулуп жатты.

Бирок, ал бийликтен кеткенден кийинки өзүнүн абалын туура баамдай албай калып жаңылды. Экс-президент өзүнүн деңгээлин, дараметин, психикалык-менталдык абалын өтө жакшы белген. Ал саясий конкуренциядан корккон. Илгери баатырлар кур дегенде мага тең келген бирөө чыгып, аны менен күч сынашып, аны жеңип атым калса экен деп тиленсе, экс-президент өзүнөн кыйындарды жанына жакын жолоткусу келген эмес, тескерисинче каматкан. Жанына дайыма өзүнөн деңгээли төмөн шопурун, секретаршасын, завхозун, жардамчыларын алып жүргөн жана алардын камын көргөн. Экс-президент «вождизм» идеясына жетеленгендигине байланыштуу анын курмандыгы болду. Ал Борбордук Азиянын же КМШнын Чегиварасы катары таанылып, бирден-бир революционер- лидер болуп калгысы келди. Бул пикирибизди анын «Судьбе назло» деген ыры бышыктап турат. Анда ал өзүн жогору жактан өтө бир татаал тагдыр буйруган саясатчы, кандайдыр бир миссияны аткаруучу тубаса ыңкылапчы, күрөшкер лидер катары көрсөткүсү келген. Бирок, акыркы окуялар көрсөтүп жаткандай, анын бул ойлору кыялдарда гана кала берди.

— Демек, Атамбаев чоң саясатка кайра кайтып келбейт десек болот экен да?

— Саясий абал Атамбаевдин кайтып келишин талап кылып калуусу байкалбайт. Президент С. Жээнбеков бир жыл ичинде өзүн демократ саясатчы катары көрсөтүп, кекчил, күчкө таянган экс-президентти элдин эсинен чыгарып, унутта калтыра алды. Эл Жээнбековго көнүп, колдоп жатат. Ыңкылап экс-президенттин чоң саясаттагы акыркы аккорду болуп калышы мүмкүн. Саясатчылар, эл өзү конституциялык түзүлүштү коргоп алабыз деп эмитен билдирүү таратып жатышат. Башкача айтканда эми Атамбаев Жээнбековдун бийлигине каршы “өрт өчүргүч” боло албайт.

— Бүгүн Кыргызстанда партия көп, алардын саны 200дөн эбак эле ашып кеткен. Атамбаев эгер КСДПны парламентке киргизе албай калса, кийинки шайлоолордо утулган партияларды бириктирип алып революция жасайт деген кооптонуулар бар. Бул маселенин алдын алса болобу?

— Менимче, бүгүн саясий партиялар мыйзамын кайра карап чыгып, толуктоолорду киргизсе туура болмок. Мисалы, ошол Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн партиялардын дээрлик көпчүлүгүнүн идеологиясы жок. Булардын көпчүлүгү бир адамга байланган же кландык, регионалдык негизде түзүлгөн. Ошондуктан, саясий партиялар мыйзамына ар бир саясий партиянын өзүнүн идеологиясы болушу керек деген жобону киргизүү керек. Мындан башка Кыргызстандын саясий партиялары тандап ала турган идеологиялардын тизмесин мыйзамга бекитишибиз абзел. Дүйнөлүк жалпы коомчулукка залал келтирбейт, кооптуу эмес деп таанылган 6–7 эле идеология бар. Мисалы, социалисттик, республикачыл, демократиялык, улутчулдар, жашылдар, коммунисттик, агрардык деген сыяктуу. Мына ушул идеологияларды мыйзамга бекитишибиз тийиш. Ошондо Кыргызстандын ар бир саясий партиясы ушул идеологиялардын бирин тандап алышы абзел болот. Мыйзам кабыл алынгандан кийин булар кайрадан каттоодон өтүшөт. Ошону менен бир адамга же кланга же регионго байланган саясий партиялар өзү менен өзү жок болуп кетет. Кыргызстанда 10го жакын эле партия калат. Ошентип саясий конкуренция идеологиялардын күрөшүн чагылдырып калат, ал эми биз болсо өлкөдө туруктуулукту сактоого чоң мүмкүнчүлүк алабыз.

— Акыркы мезгилде жаштардын чоң кызматка келиши сынга алына баштады. Маданият министри 32 жашында кызматка келди, тажрыйбасы жок деп сынга алынды. Учкун концернине да келген Атамбаевдин кадрын жактырышкан жок. ..

— Жаштардын чоң кызматка гана эмес, бийликке келиши да кубатталып, колдоо таап турушу абзел. Бирок, ал качан туура деп табылат жана колдоо табат? Качан гана жаштар ошол ишенимди актаганда. Атамбаевдин доорунда канчалаган жаштар бийликке келди. Ошол эле Сапар Исаков, Икрам Илмиянов жана башкалар. Бирок, бардыгынын тең аркасынан ар кандай сөздөр ээрчип жүрбөдүбү. Мен мурда да, азыр да жаштарды жөн эле жаш кадр деп чоң кызматка тартууну туура эмес деп эсептейм. Себеби, жаштар деген бул чоң күч, толкун. Буларда акыл-эс бар, энергия агып турат. Бирок, ошол эле учурда булар өтө тез байыгылары келет. Жакшы жашагылары келет. Кызматка келгенден кийин кызмат ордун пайдаланып, өз кызыкчылыктарын тезирээк аткарып, максаттарына жетүүнү көздөгөн ойлорго тез алданат. Кызматтан кетсем мындай мүмкүнчүлүк түзүлбөйт деген коркунуч ойго тез жетеленет. Өзгөчө мындай ойлорго чабал жана кызматка өз күчү менен эмес, башка бир күчтөрдүн, кландык же регионалдык топтордун колдоосу менен келип калган кадрлар кабылат. Ошого ар бир кызматка келген жаш кадр өзүн ошол кызматка татыктуу экенин далидеп, анан келиши керек. Мисалы, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан Даткалар кимдин жардамы менен ошончо даражага жетиптир? Эч кимдин. Өз дараметине жараша, аракеттер менен жетишкен. Буга чейин биз бир эле адамды билчүбүз, аялын сүйүп, аны бүтүндөй өлкө сыйлап, урматтоосун каалаган. Акыры тажаганда, аны аял, бала-чакасы менен өлкөдөн кууп жиберип тынчыдык. Бизнесмен оңой менен бир кызыкчылык болбосо акча бербейт. Ал туура. Бирок, мамлекет менен бизнесмендин өз ара аракеттенүүсүнүн жолдору бар. Мисалы, Нарынга жакында эле А. Салымбеков өзүнүн жубайынын атындагы парк курду. Бизнесменге да жакшы, элге да жакшы иш болду. Ошондуктан, аялын сүйгөн эргулдар ага музыкалык окуу жайын же музей уюштуруп берип койсо туура болмок. Ар кандай сөздөрдөн алыс болушмак. Бүгүн жаштарга ишеним солгундап бара жатканына биринчи кезекте, биздин уруу-урукчулдук менталитетибиз, регионалдык бөлүнүшүбүз себеп. Өзгөчө Атамбаевдин доорунда жаштарды дайындыгына карабай эле, жетелеп келип чоң кызматтарга бекитип жатышты. Себеби, С. Исаков өзү жаш болсо, анан ал өзүнөн улуу адамдарды жумшоого, алдыга салып иштетүүгө мүмкүн эместигине көзү жетип, өзүнөн жаштарды кызматтарга тарта баштады. Бирок, Атамбаевдин доорундагы тажрыйба канчалык мамлекеттик чоң- чоң кызматтарда жаштар көп жана сабаты төмөн, идеясыз болсо, ошончолук бийликтеги адамга өз бийлигин каалагандай жүргүзүүгө жеңил болот экендигин көрсөттү. Жаштарды айдап алып эле өзүнө иштетип алды да. Мисалы, генпрокурор И. Жолдубаева. Кызыл диплом менен бүткөн. Бирок, бийликтин күчүнө сынып берди. Атамбаев каалагандай кылып, камоочусун камап жатты. УМКК террорист деп эле жаштарды сотсуз эле тооктой атып жатты. Бирок, Кыргызстандын 28 жылдан берки тажрыйбасы көрсөтүп тургандай жаштардын чоң- чоң кызматтарда болушу өлкө үчүн негативдүү жагдайларды да жаратышы мүмкүн экени көрүнүп турат. Мисалы, Айдар Акаев, Максим Бакиев, Бабанов, Пирматов, Шадиев тууралуу ММКлар айтып бүтө албай келет. Булар жаш чагынан чоң кызматтарды аркалаган, депутат болушкан жана ири бизнесте жүрүшкөн. Бүгүн болсо бай адамдар. Бирок, декларациясы боюнча бизден да кедей. Булар байлыкты топтогонду да билишет, аны катканды дагы билишет. Алар ар кандай жолдор, байланыштар менен саясий аренаны ээлеп алышкан. Колосалдык акчанын ээлери. Революциялык жагдай түзүлүп калса, өлкөнү эңшерип жиберүүгө да мүмкүнчүлүктөрү бар. Булар дагы 3–4 жолу парламентке шайланууга кудуреттери жетет. Саясий абал курчуп кетсе революция кылып жиберүүгө дарамети жетет. Бирок, булардын саясий аренаны ээлегендеринен, парламентте олтурганынан өлкө же эл байып кетпейт. Өздөрү дайыма байып келатышат. Ошондуктан, курулай эле жаштар келсин, жаштар келсин дей бергенден пайда жок. Мамлекет жана коом жаштардын сапаттуу бөлүгүнүн бийликке келишин камсыздоо керек. Жаштарга ишеним артуу менен талапты да катуу коюу зарыл. Мына, С. Исаков өз командасына 15–16 чакты батышта окуп келген кадрларды кеңешчи кылып алды. Бирок, алар баары биригип, анын кадырлуу шефи Атамбаев талап кылган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиялык программасын жаза албай коюшту. Себеби, биринин да мамлекеттик иште тажрыйбасы жок болчу. Баары теорияны билсе билгендир, бирок, практикасы жоктор. Бүгүн Кыргызстан кландык жана регионалдык топтордун колдоосу менен бийликке келген жаштардын айынан өнүкпөй жатат. Мындай негизде миңдеген жаштарды бийликке алып келе бериңиз, бирок, алардан нукура реформатор Столыпин же Бендукидзе чыкпайт. Чыныгы реформаторлор өз мээнети менен эмгектенип, бардыгына өз күчү менен жетип, бардык талаптуу тепкичтерди өтүп, анан элдин ичинен суурулуп чыгат. Ошондуктан, С. Жээнбеков орто деңгээлдеги кадрларды чоң-чоң кызматтарга алып келип туура кылып жатат. Булар областтардагы структураларды жетектеп, бышып калышкан. Ошого ишти кылдат алып кетип жатышат. Мына УМККны эле алалы. Кылдат изилдөөлөрдөн кийин гана камап жатат. Эч кандай шоу жок. Бир дагы жашты ислам фундаменталисти деп сырттан чечим кабыл алып, атып салган жок. Кыргызстан биринчи жолу башка өлкөнүн аймагынан кылмышка шектүү адамды, экс-президент Атамбаевдин оң колун кармап келип, камакка алды.

Суроо салган

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу