Акаев: АКШнын «Манастагы» база аркылуу героин ташыганы чындык болушу мүмкүн

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев «Манас» аэропортундагы америкалык
базанын Афганистандан героин ташуу максатында колдонулушу тууралуу жазган батыш
журналисттеринин кебинде чындык бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал РИА Новости
агенттиги менен маектешип жатып билдирген.
«Манас» аэропортундагы авиабаза (алгачкы аталышы — Ганси) Кыргызстанда
Афганистандагы операция башталар алдында 2001-жылы негизделген. Өлкө менен
жетишилген макулдашууга ылайык, база аскердик жүк жана жоокерлерди ташуучу
логистикалык борбор катары пайдаланылмак. Ал кезде Кыргызстандын башында Аскар
Акаев турган.
«Авиабаза ар убак Афганистандагы коалиция аскерин камсыздап, өзүнүн баштапкы
максатында иштеп келген. Америкалыктардын кайра кайткан жолунда эмне кылып
келишкени биз үчүн табышмак. Балким героин ташып келишчүдүр, ким билет. Бул
тууралуу батыш журналисттери жазышкан», — деди Акаев.
Анын айтымында, базанын жетекчилиги операциялардын баары тууралуу кабардар
болуп турушу керек болчу. Героин ташуу аракеттерин Акаев четке какпайт, анткени
биринчи президенттин пикиринде АКШ дал ушундай эле кадамдарга Латын
Америкасында жүргүзүлгөн операциялары учурунда да барган.
Ошол эле учурда Акаев АКШнын базадагы аскерлерин кыргыз тараптан көзөмөлдөөгө эч
кандай мүмкүнчүлүк жок болгонун белгилейт.
Эскерте кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жалдыра башкарып келген.
Тактан 2005-жылкы «жоогазын ыңкылабынан» кийин кулатылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө
аргасыз болгон. Бүгүнкү күнү Москва мамлекеттик университетинин математикалык
изилдөөлөр институтунда илимий иштер менен алектенет.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу