Академик Алтай БӨРҮБАЕВ: «Илим акылга сыйгыс, кучакка баткыс чексиз дүйнө»

– Алтай Асылканович, 2013-жылы  Оксфорд  университетинин “21-кылымдагы дүйнөнүн көрүнүктүүокумуштууларынын ысымдары” тизмесине ысымыңыз жазылуу менен, “дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн” алтын медалын – эл аралык Сократ сыйлыгын алган элеңиз. Мына жакында да Европага барып, дагы бир ирет Сократ сыйлыгын алып келдиңиз, сыйлыгыңыз кут болсун.

–  Рахмат.  Европада  батыш  өлкөлөрүнүн ар биринен бирден абройлуу окумуштуулар, коомдук ишмерлер өкүл болуп кирген эл аралык Сократ комитети бар. Сократ сыйлыгын ошолор негиздеген. Бул Евросоюздагы таасирдүү уюмдардын бири. Жыл сайын илимдин өнүгүшүнө жана улут экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон дүйнөнүн ар кайсы континенттериндеги илимпоздорго жана коомдук ишмерлерге өз сыйлыгын тапшырат. Сократ комитети бул жолу илимий ишмердик жана технология тармагындагы эл аралык Сократ сыйлыгын ыйгарды. Европага барып сыйлыгымды алып келдим. Ал сыйлыкты Оскар сыйлыгы деп да аташат экен.

–  Минтип  Сократ  комитети сизге  эл  аралык  Сократ  сыйлыгын ыйгарып жатканы бекеринен болбосо керек. Илимий иштериңиз кантип жатат?

– Илим бул чоң аалам. Айталы, комуз чапкан, же ээр чапкан уста колуна керкисин алып, эртеден кечке баш көтөрбөй узана берип, узана берип, анан күндөрдүн бир күнүндө чоң чеберчиликке жетет эмеспи. Анан “мына эми чоң уста болдум” усталыгын таштап койсо, күндөрдүн бир күнүндө комуз чапса эле, колунун эби келбей, керкисин туура эмес кармап, келегей кыймыл кылганын өзү байкап калат. А уста өмүр бою узана берсе, ал чеберчилигин жоготпойт, тескерисинче устачылыктын улам жаңы кыры ачыла берет. Анысы кандай, илимде да ошондой. Эгер окумуштуу адам илимден кетпей, дайыма илимий ойлор менен жашаса, өзүн бүлөп турса, илимий идеялар агылып, өзүнөн өзү келе берет, жылдап чечилбей келаткан маселелерди кандайча чечүүгө болоруна көзүң жеткендей болот. Болгону иштеш керек, уста сыяктуу күн сайын узаныш керек.

– Сиз көп жылдар жетекчилик кызматтарда: ректор, министрдин орун басары, ЖК Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болдуңуз дегендей,  ошол  учурда  илимден алыстап кеткен учурларыңыз болгон жок беле?

– Жок. Илимден эч качан алыстаган жокмун. Илим менен узанганга күн сайын эки-үч саат убакыт тапчум. Иштен кечки саат 10до келсем да, сөзсүз эки-үч саат илимий макалаларды окуп, окуучуларымдын иштерин карап, айтор иш үстүндө болчумун.

– “Математика аябай кызганчаак  илим”  деп  айтканыңызды угуп калам.

– Аябай “кызганчаак”. Эгер сен аны бир күнгө эле таштап койсоң, бир ай артта каласың, бир ай илимди таштап койсоң, он жыл артта каласың, а бир жыл илимди таштап койсоң, анда сени таптакыр таштап салат. Өмүрүң бекерге  кетет.  Илимге  келген  адам  ар дайым өзүн бүлөп, курчутуп турууга тийиш. Бирөө менен сүйлөшүп жатасыңбы, жолдо баратасыңбы, илимий ойлор, формулалар көз алдыңда болуп, эси-көөнүңөн кетпеген музыканын ыргагындай көңүлүңдү кытыгылап турбаса болбойт. Ушул өңүттөн алганда, илим менин жашоомо айланган. Саясатта жүргөн жылдарда да илимден кол үзгөн жокмун. Азыр болсо, илимий иштер менен иштешкенге кеңири убактым бар. Эртели-кеч иштеп жатам. Илим куду жазуучулук, композитордук өнөргө окшош. Бир сөз менен айтканда, илим накта чыгармачылык өнөрдөй эле.

– Композиторлордон “кантип чыгарма жаратасыз?” деп сурап калганда, “Чыгарма ар кандай жаралат. Кээ бир чыгармалар дароо жаралат,  кээ  бирин  жаратууга көп убакыт кетет. Алгач көңүлүңө бир ыргак келет, аны күнүүнү аздектеп жүрөсүң, анан бир күнү бышып жетилет дейт го. Илимий табылга деле ошондой жаралат экен да, анда.

– Куду ошондой. Композиторлор өз идеяларын ноталар аркылуу беришет. Биз окумуштуулар формулалар, теориялар, гипотезалар аркылуу ойлонобуз. Айырмасы, биз өз табылгаларыбызды формулалар менен далилдешибиз керек. Айрым табылгалар чынында эле бат далилденет. Айрымдарына жылдар кетет. Кээде, бир жакшы идея келет да, анын үстүнөн иштей бересиң, иштей бересиң, анан качан “өх, бүттүм го” деп үстөлүңдөн туруп баратып, өз жаңылыштыгыңды байкап каласың. Канча күндүк эмгегиң текке кетет. Жазгандарыңдын баарын тытып, таштанды чакага ыргытасың. Чыгармачылык түйшүк бирдей эле, бирок анын чечилиши ар башка, “илим ийне менен кудук казгандай”.

– Илимий ачылыш жасоо жеңилби же оорбу?

– Илим акылга сыйгыс, кучакка батпас чексиз нерсе. Айталы, жыл сайын дүйнөдө миңдеген илимий китептер жарык көрүп, он миңдеген илимий макалалар жазылып, жүздөгөн илимий диссертациялар жакталат. Владимир Ильич Ленин өзүнүн эмгектеринин биринде адам канчалык көптү билген, аңдаган сайын,  анын  билбегени  ошончолук көбөйө берет деп айтканы бар. Илимде да куду ушу сыяктуу. Канчалык ачылыштар көп ачылган сайын, кийинки ачылыштарга жол ачыла берет. Ньютонго чейинки далай окумуштуулар Ньютон ачкан закондорду билбей өтүп кетти. А Ньютон үчүн Эйнштейн ачкан закондор багынгыс болуп кала берди да, ыраспы. А бүгүн мектеп окуучусунан сурасаңыз, Ньютондун да, Эйнштейндин да, аларга чейинки жана алар ысымдарын билбеген илимпоздордун ачкан мыйзамдарын билет. А илимий ачылыш жасоо жеңилби же оорбу деген суроого келсек, ошол илимий ачылыштардын ачылышынын да өз мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Айталы, ошол эле Ньютон жашаган заманда Эйнштейн ачкан мыйзамдарды ачуу мүмкүн эмес  болчу.  Салыштырмалуулуктун атайын мыйзамын ачууга XIX кылымда гана бардык шарт, өбөлгө жаралды. Адатта, окумуштуулар хаостун өзүндө да тартип, өзүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү бар деп айтышат. Илим да мына ошондой так тартип, өзүнүн мыйзам ченемдиктери менен өнүгөт.

– Кыргыз илимпоздорунун арасында Эйнштейндин салыштырмалуулуктун атайын мыйзамын жокко чыгаргандар болду го?

–  Сурооңузга  түшүндүм.  Нобель сыйлыгын ал мыйзамы үчүн албаса да, Эйнштейнге дүйнөлүк атак-даңкты алып келген мына ошол салыштырмалуулук закону. Ырас, анын деле толуктай турган жана талаша турган жерлери көп. Окумуштуулар арасында ушул мезгилге чейин ар кандай ой-пикирлер айтылып келет. Кыргыз окумуштуусу Эйнштейнди танган, жокко чыгарган деп айтпас элем, тескерисинче толуктаган пикирди айткан болуш керек. Бул мыйзам ченемдүү.

– Көп жылдар саясатта жүрдүңүз, кайрадан аралашайын деген оюңуз барбы?

– Мен саясаттан кеткен эмесмин. Болгону депутат болбодум, тиги же бу саясий топторго, партияларга кошулган жокмун. Саясатка активдүү аралашпадым. Мунун өзү да саясат. Эми кийинки шайлоодо кайсы бир партия менен депутаттыкка ат салышсамбы деген ой бар.

–  Эмне  үчүн  саясатка  келсем дейсиз?

– Мыйзам чыгаруу ишмердигинде көп башаламандыктар, түшүнбөстүктөр, чалагайымдыктар, барып-келип мыйзамдык нигилизм тенденциясы жүрүп жатат. Конституциянын азыркы абалын карагылачы, оңдойбуз деп жатып, таптакыр тымтыркайын чыгарып салышты. Баш мыйзам боюнча бийликтин ээси – эл болушу керек, бирок партиялык диктатура орноду. Баш мыйзамдын өзүндө көп карама-каршылыктар бар. Башка мыйзамдарды айтпайлы, “Билим берүү жөнүндө мыйзамды” бузуп салышты. Ректор шайлоону алалы. Азыркы мыйзам боюнча ректорго талапкерлердин шайлоодо эң көп добуш алган үчөө бекитүү үчүн өкмөткө сунушталып жатпайбы. А өкмөт алардын кимисин шайлап жатат? Үчөөнүн арасынан эң аз добуш алганы ректорлукка дайындалып жатат. Бул эмне дегенди билдирет? Коррупция үчүн мамлекеттик деңгээлде жагымдуу шарт түзүү дегенди. Эгер Өкмөт ушул жол менен ректорлорду дайындай турган болсо, анда шайлоо өткөрүп, бир эмгек жамаатын беш-алтыга бөлүп, ынтымагын ыдыратып эмне кылат?

– Президент С.Жээнбеков жакында мурдагы премьер-министрлер, мурдагы спикерлер менен жолугушту. Анда эмне тууралуу сөз болду?

– Анда ар кимдер өз ой-пикирин айтты. Мен да ага өз каалоомду, ойлорумду айттым. Айталы, Баш мыйзамдагы калпыстыктар, Өкмөттүн курамын кантип жакшыртуу, илим-билим тармагын реформалоо ж.б. маселелерди көтөрдүм.

– Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында бирге иштешип калды элеңиздер. Мамлекет башчынын кандай сапаттарын айтар элеңиз?

– Ооба, бирге иштегенбиз. Сооронбай Шариповичти ишке жооптуу мами-ле кылган, маселелерди бышырып алып чыккан, мыйзам жазуунун табиятын, сырларын жакшы билген, эч кимге кек сактабаган, акылдуу, айкөл адам катары депутаттар сыйлачу. Сооронбай Шариповичтин лидер катары чоң потенциалы бар экенин баарыбыз сезчибиз.

–  “Кыргыз  Туусу”  –  улуттук тун гезит өзүнүн 95 жылдык мааракесинин алдында турат. Атаңыз Асылкан Бөрүбаев көп жылдар “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеген эмеспи. Кандай каалоо-тилектериңиз бар?

– Ооба, атам Асылкан Бөрүбаев бир канча жылдар сиздердин гезитте башкы редактордун орун басары болду. Мен студент кезде атамдын гезиттин иши менен кандай көжөлүп иштегенин көрүп калдым. Гезиттин кээ бир кагаздарын үйгө көтөрүп барып, өзүнүн кабинетине кирип, бир кагаздарды окуп, бирин чийип, бирин жазып, кээде ошентип отуруп таң атырар эле. Атам өз ишине чоң жоопкерчилик менен караган адам болчу. Ошондон улам, гезит иши канчалык түйшүктүү, жоопкерчиликтүү экенин билем. Бүгүнкүдөй Кыргызстандын маалымат мейкиндигин чет өлкөлүк жана жеке менчик маалымат булактары күргүштөп каптап кеткен маалда мамлекеттик расмий басылма болуу канчалык оор жана жоопкерчиликтүү экенин да түшүнөм.

Буюрса, басылманын 95 жылдык салтанатын бүтүндөй кыргыз журтчулугу менен биргеликте, татыктуу өткөрүп алат деген ишеничтемин.

Булак: Кыргыз Туусу 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу