Айымдарга кеңеш: «Цистит» оорусун кантип айыктырса болот?

Цистит деген эмне? Цистит деп табарсыктын былжыр катмарынын сезгенишин түшүнсө болот. Бул кеңири тараган медициналык оору. Муну менен көп учурда аялдар оорушат. Себеби, аял кишинин заара чыгаруучу түтүкчөсү кыска (2-4 см) болот, анан анын айынан табарсыкка инфекция оңой өтүп кетет да, ал былжыр катмарын сезгентип циститти жаратат. Циститтин түрлөрү: Курч цистит. Табарсыктын былжыр катмарынын сезгенгени билинген күндөн тартып оору курч цистит деп аталат. Өнөкөт цистит. Көп учурда курч цистит өнөкөт циститке айланып кетет. Мында оорунун белгилери күчөй берет. Өнөкөт циститтин эң коркунучтуу жагы — ал өзүнүн симптомдору менен башка ооруларды жаап, узакка чейин билгизбей коюшу ыктымал. Циститтин белгилери: Тез-тез заара кылуу (15-20 мүнөт сайын) Ичтин ылдыйкы бөлүгүнүн чыдатпай оорушу Зааранын киргилдениши Температуранын 37 градуска чейин көтөрүлүшү Заара ушатууну 2-3 тамчы кандын коштоосу Жүрөктүн айланышы Кусуу Заара ушатуудан жыныстык органдын ачыштыруу менен коштолуусу Циститтин келип чыгышы: Учурлардын 80 %ында циститти «Е.соli» деген ичеги таякчасы жаратат. Бирок, цистит пайда болору менен эле адам ооруп калбайт. Аны убакыттын өтүшү менен төмөнкү факторлор козгойт: Иммунитеттин төмөндөшү Бир нече ирет суукка калуу Заараны узакка чейин табарсыкта сактап жүрүү Климактериялык мезгил Жеке гигиенаны сактабоо Циститти дарылоонун элдик ыкмалары: Кыш. (КИРПИЧ) Кызыл кыштан эки даананы отко ысыта кактоо зарыл. Андан кийин аны металл чакага салып бетин калың материал менен жабуу кажет. Анан ич кийимди чечип үстүнө отурасыз. Бул маалда белиңизден ылдый жылуу одеяло оронуңуз. Ысыктын табы кайтып калганда жылууланып жатыңыз. Ит мурун. Идишке ит мурундун майда тууралган тамырынан 4 аш кашык салып, үстүнө бир литр суу куюп кайнатасыз. 15 мүнөт кайнаган соң кайра муздаганча күтөсүз. Анан ит мурундун тамырларын сүзүп салып, суусунан күнүнө 4 маал жарым стакандан ичүү керек. Бал. Бал дагы бактерияларга жана суук тийүүгө каршы жакшы каражаттардын курамына кирет. Циститке кабылган шартта бир стакан жылуу сууга балдан аралаштырып, ачкарын жутуп алуу зарыл. Дарылоо мөөнөтү жети күндү түзөт. Бирок, бул ыкма аллергиясы барлар үчүн сунушталбайт. Ашкабак семичкеси. Бир күндө бир стакан ашкабак семичкесин чагып туруу дагы циститти дарылоодо пайдалуу. Муну бир жума тынымсыз жасоо керек. Картошка. Таза жуулган картошканы бүтүн бойдон сууга бышырып, пюре кылып эзесиз. Эзилген массаны марляга ороп, аны менен ичтин төмөн жагын ысыгы тараганча жылдырып басып отурасыз. Бул ыкманы уктаар алдында жасаган натыйжалуу.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу