АЙЫМДАРГА АЛТЫ КЕҢЕШ

Тамак ашка колдончуу томат пастасы   көгөрүп кетпеши үчүн үстүнө бир аш кашык тамак жасачуу майдан куйуп койсоңуз томат көгөрбөй көпкө сакталып турат.

Капустанын дагы арыктоого пайдасы зор. А1 А жана С витаминдерине бай. Денени бекемдеп,ашыкча майларды жоюп адамды алда канча жеңилдетет. Капустадан чийкилей салат жасап же өзүн эле жесе да болот.

Маскаларды саат 9:00дон 11:00 гө чейин же 17:00дон 20:00гө чейин колдонсо таасирлүү болот. Маска койгондон кийин бетти тоник менен суртүп крем койгонду унутпаныз. Бул сунуш бетке жасалуучу маскалар үчүн.

Сырткы келбетиңизге ар дайым көнүл буруп, табигый косметикалык каражаттарды колдонуңуз.

Маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын алууга болот.

Эртең менен азыктандыруучу ал эми кечинде сыйдам кылуучу кремдерди колдонуңуздар. Ансыз кургак бет кышында оор жагдайдан чыга албайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу