“АЙЫЛ БАНК” МИЛЛИОНДОРДУ ЫКСЫЗ ЧАЧУУДАБЫ?

“Айыл Банк” “Вефа” соода борборуна ижара акысын төлөп салган. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди. Айтымында, 20 млн сом ижара акысына төлөнгөн.

“Алгач Пушкин көчөсүндө жайгашкан имараттагы ижара мөөнөтү бүтүп жатканы тууралуу маалымат келген. Банк жаңы имарат таап ижарасы алдын ала төлөп койгон. Андан соң өкмөт ижараны узартууну чечкен. Бул каражаттар кайтарылганбы жокпу белгисиз. Каражатты туура эмес пайдаланганы үчүн жетекчилер жоопко тартылабы?”-деп суроо берди Башкы прокурор Индира Жолдубаевага депутат.

Башкы прокурор бул боюнча маалыматы жок экенин айтып, текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Жакында эле “Айыл Банктын” имаратына БШК көчүп барары, ал эми банк болсо “Вефа” соода борборунан ижарага орун алары тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ижара акысы 21 млн сом болгондуктан депутаттар нааразы болушуп, натыйжада өкмөт банк мурунку дарегинде эле каларын билдирген болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу