Кечээ интернет баракчасына ырчы Кайрат (Кыргыз) Салмакеев ырчы Айчүрөк Иманалиева менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ырчы айымга сезимин билдирген пост жазды:
“Екатерина эжебизден сыйлык алган, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, кыргыздын примодоннасы, урматтуу Айчүрөк Иманалиева менин жанымда турганына кубанып турам. Каап, 10 жыл эрте болгондо Алла Пугачёва кылып алмак экенмин”, -деп билдирүү калтырды.
Кайрат (Кыргыз) ырчынын бул билдирүүсүнө окурмандар аны россиялык ырчы Филипп Киркоровго окшоштурушту. Бирок, элдин пикирин окуган ырчы Кайрат Салмакеев: “мен Филиппке эмес, ал мага окшош” деп жооп берди.
БУЛАК: zaman.kg