Айтматов кыргызга эмне кылды?

Мына ушундай суроону өтө көп болбосо да айрым бир мекендештерибиз туркөйлөнүп бере калат. Эң эле негизгиси ошол Айтматовдун китептери аркылуу, окуган көптөгөн мамлекеттердин калкы балким кыргыз сөздү биринчи жолу угуп, ушундай улут бар экенин билип калышты.  Биздин эсибизде калган айрым бир сырты жөнөкөй  бирок бир топ эле олуттуу маселелерди кантип чечкенин мисал кылып көрөлү.

Өткөн кылымдын 1980-жылдарынын аяк чени Бишкекте (ал кезде Фрунзе) өлкөнүн болгон жетекчилиги катышкан чогулуш жүрүп жаткан кезек Айтматовго келип калды. Ал өз сөзүндө ачыктан-ачык эле: “Эмне үчүн Кыргыз ССР нин борбору болгон шаарда эне-тилдеги бир дагы бала-бакча жок? Бул эмне кыргыз тилин жок кылуу үчүн жасалган ишпи?” — деп маселени кабыргасынан койгон. Ошондон кийин  эле көптөгөн бала-бакчаларда кыргызча тайпалар ачылып, далай кезек күткөндөрдүн балдары эне-тилинде тарбиялана баштаган.  Ошолор шаарда жашаса да улуу муундагыларга окшоп «киргиз» болбостон «Кыргыз» болуп тарбияланышты.

Кыргыз теле көрсөтүүсү ошол кезде “ТЖК” деп аталган жапон телекамерасы жетпей калат. Ал эми Россиянын ар бир облустарына чейин бөлүнгөн экен.  Ошондо теленин жетекчилиги Айтматовго кайрылышкан. Чыңгыз Айтматов ССР телерадиосунун жетекчилигине кирип, жок дегенде бир камера бөлүп бериңиз деп сураган. Жетекчиси болсо сиз сыяктуу залкар адамдар келсе бирди эмес, экини бөлүп берем деп убадасын аткарган.  Ошол камералар менен өтө сапаттуу телепрограммалар жасала баштаган.

Ушуга окшогон маселелерди санай берсек өтө көп. Ысык-Көл форуму деп дүйнөгө  атагы таш жарган инсандарды  кыргызстанга алып келди.  Эң эле негизгиси жүз деген тилге миллиондогон тираж менен биздин элдин жашоосун, үрп-аадатын, өзгөчөлүгүн чагылдырган китептери аркылуу элибизди планетанын булуң-бурчуна чейин даңазалай алды.

Азыркы 90 жылдыгында да кайрадан Айтматов ким экендиги күчөп билинди. Баарыбыз билген бир  эле мисалды алалы. Россия сыяктуу үлкөн мамлекеттин борбору Москвада эстелигинин ачылышы анын чыгармачылыгынын басаңдай элегинен кабар берет.

Биздин сайттын жамааты окурмандарыбыздын арасында сынак жарыялоону чечтик.

Акыркы романдарынын бири “Бахияна” жөнүндө маалыматтарды бизге билдириңиздер. Мазмуунун,  каармандарын терең ачкан окурманга артыкчылык берилет.  Эң мыктысы менен маек биздин сайтка жарыяланат жана белегибиз ыйгарылат!

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу