Айсулуу Тыныбекова Болгариядан коло медаль утуп келди…

Болгарияда өткөн «Дан Колов – Никола Петров-2019» турниринде Кыргызстандан барган спортчу Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болду. United World Wrestling уюмунун сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Ал Италиядан, Швециядан барган атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукка 10:11 эсебинде утулуп калган. Коло медаль үчүн күрөштө  Айсулуу Швециядан барган Малин Йоанна Маттсонду жеңип алган.

Айсулуу Тыныбекова февралдын башында Францияда өткөн Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынган. 2012-2016-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2016-2017-жылдары Азия оюндарында жеңүүчү болгон.

2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 2017-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунга ээ болуп, коло медаль тагынган.

БУЛАК :azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу