Айсулуу Молдалиеванын унаасын талкалап кетишти…

Кечээ 8-март күнү майрамдоо учурунда «Нон Стоп» дуэтинин мурдагы солисти Максат Садырбековдун сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын унаасын белгисиз адамдар талкалап, ичин тоноп кетишти.

Автоунаасынын талкаланып, тонолгону боюнча Айсулуу инстаграм баракчасына сүрөтү менен жүктөп, урушкан пост жазды.

Арткы терезеси талкалагандар унаанын ичиндеги айрым буюмдарын уурдап кеткенге үлгүрүшкөн.

Муну көргөн көпчүлүк «унаага эч нерсе калтырбаш керек» деген кеңештерин айтышып, Айсулууга көңүл айтышты.

Уурулар унаанын ичинде Айсулуу Молдалиева ошол күнү алган белектеринен эч нерсе калтырган эмес.

Эскерте кетсек, февраль айынын башында ырчы Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын колун сураган видеосу интернетке чыгып, экөөнүн үйлөнүү үлпөтү болот деп күйөрмандары күтүп жүрүшкөн эле.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу