Айпери Кубик кызы, ырчы: » Буюрса наристе күтүп жатабыз…»

Учурунда ак куу болуп учкусу келген Айпери Кубик кызы бүгүнкү күндө Даян аттуу баланын мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары. Бакытка балкыган ырчы айым чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Саламатсызбы, Айпери? Сизге байланышканымда «сыркоолоп жатам» дедиңиз эле. Жакшы болуп калдыңызбы?

— Саламатчылык. Буюрса, жакшы, рахмат. Бир аз сыркоолоп, санаторийге барып эс алып келдим.

— Жеке жашооңузду такыр ачыкка чыгарбай калдыңыз. “Бакыт тынчтыкты сүйөт” деген принцип менен жашап калдыңызбы?

— Үй-бөлөмө көз тийбесин, сөз тийбесин деген эле ой. Жеке жашоомду талкууга калтыргым келбейт. Чыгармачылыгымды, ырларымды, кийген кийимимди, жумушума байланыштуу нерселерди талкуулашсын. Кандай жашайм, ким менен жашайм ал менин жеке тандоом, чечимим. Үй-бүлөмдү, сүйүүмдү жарнамалагым келбейт. «Эл көрсүн, мен минтип жашап жатам» деген адамдардан эмесмин. Жолдошумдун жүзүн көрсөтүп алып ага да сөз тийгизгим келбейт.

— Күйөрмандарыңыздын баарын кызыктырган бир суроо — бул жолдошуңуздун улуту экен?

— Жолдошум кыргыз. Менден 5 жаш улуу, 31 жашта. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бизнеси бар. Көбүнчө түрктөр менен иштешет. Буюрса, мен да бир гана шоу-бизнесте эмес, бизнесте дагы өзүмдү сынап көрөйүн деген оюм бар.

-Дайыма элдин кызматында жүрөсүз. Жолдошуңуз кызганып чыр чыгарбайбы?

— Жолдошум үйлөнүп жатканда кимге үйлөнүп жатканын билген да. Эби жок кызгана бербейт. Ортобузда ишеним, сый өтө чоң. Алыскы аймактарга тойго барганда дайыма жанымда жүрөт. Кээде эле “ким менен каякта жүрөсүң?” деп тийишип сурап коёт. Башынан эле “соловушкам” деп эркелетет. Эң негизгиси абдан чечкиндүү. Майдаланбай шар жүргөн адам. Ошонусу жагат. Экөөбүз тең өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн башка жумуштарды экинчи планга коюп коймоюбуз окшош.

— «Кайнененин камырынан” деген сөз бар эмеспи. Окшоштук жайыңыздарды байкап каласызбы?

— Апам менен көп сүрөткө түшөм. Кылган мамилеси, айткан акыл-насааттары мен үчүн өтө баалуу. Экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөсөм эле баары “элге үлгүлүү келин болуп көрүнгүсү келип жатат, же бирөөдөн өч алып жатат” деген билдирүүлөрдү жазышат. Кайнене болуу да, келин болуу да кыйын. Негизи эле апам өтө акылдуу, даанышман аял. Башыбыз бириксе эле сырдашып, сөзүбүз түгөнбөйт. Кээде таң аткыча сүйлөшөбүз. Басып өткөн жолун, көргөн-билген нерселерин айтып берет. Ошентип сырдашып жатканыбызда апам мага “турмушка болгон көз карашың, тырышчаактыгың, кылган тиричилигиң, ойлогон оюң, көздөгөн максатың баарысы мага окшош»-деп айтты. Бул сөзгө чындыгында  кошулам, себеби окшоштук жайларыбыз көп. Мен бул үй-бүлөгө бүлө болдум жана ушулардын тарбиясы менен болом.

-Уулуңуз Даянды инилүү же карындаштуу кылалы деген планыңыздар барбы?

— Дани азыр 3 жашка чыгып, чоң жигит болуп калды. Тили так чыккан. Көз тийбесин, акыл-эстүү. Атам менен апамдын тарбиясын алды. Болушунча мээрим төгүп, элден кем кылбаганга аракет кылып жатам. Дани өзү дагы “ляля бар ичиңде” деп калат. Буюрса, наристе күтүп жатабыз. Уулбу же кызбы азырынча белгисиз. Жолдошум менден өтүп кубанып жүргөн чагы.

— Иниңиз Улан  чыгармачылыкка  аралашып жүргөнүн  билебиз. Сиңдиңиздин да чыгармачылыкка аралашууга чымыны барбы?

— Улан тасма талаасында, ырчылыкта өзүн сынап жүрөт. Кесиби боюнча режиссёр. Сиңдим Аймээри 11-класста окуп жатат. Ырга, бийге шыктуу. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, кызы- гууларыбыз эки башка. Анын шоу чөйрөгө  аралашышына каршымын. Башка тармакта эле өзүн тапса дейм. Себеби артыңдан ар кандай ушак- кептер айтылат. Аймээри өтө назик, сөз көтөрө албайт. Катуураак сүйлөсөң эле ыйлап жиберет. Мага жазылган билдирүүлөрдү окуп жатып эле ачуусу келип, “ушул сүрөтүңүздү өчүрүп эле салыңызчы, кантип чыдап жатасыз?”- деп көп айтат. Ошондуктан айтылган сындарды көтөрө албай сынып калышын каалабайм.

— Айтканыңызга караганда, ырчылыктан башка жолду тандасам болмок деп өкүнөт окшойсуз?

— Жок, өкүнбөйм. Чыгармачылыкка аралашканыма 10 жыл болду. Негизи кесибим  дипломат. Кесибим боюнча 8 ай иштеп көрдүм. Бирок мен  үчүн эмес экен. Ал жерде жетекчиликке баш ийип иштейсиң, кечке чейин бир жерде отурасың, айлыгың азыраак дегендей. Башынан эле чоң кармап  калсаң  аз акчага алымсынбай калат экенсиң. Чыгармачыл  адам болгондон кийин эркин жүрүп жаман көнөт экенбиз.

— Учурунда “Ак куу”, ырыңыз хит болду эле. Чыгармачылыкка олуттуу киришпей жаткандайсыз?

-Өмүрү узун ырлар чанда жаралат.Ырларымды баламдай эле көрөм. Баарына бирдей каражат кетирем. Элге өтпөй калса, күйдүң деген сөз. Санга эмес, сапатка иштейм. Ал эми «Ак куу» ырымдын ушунча жылдан бери ырдалып жүргөнүнө сүйүнөм. Кээ бирөө «ошол ырды укмайынча менин балам уктабайт» деп калышчу.

-Маектериңиздин биринде «пластикалык операцияга кайрылгам» деген экенсиз, жашыруун болбосо кайсы жериңизге жасатыңыз эле?

-Жо-ок, бул сыр. Көптөр бой мүчөсүнө жасатты деп ойлошот. Булардын баары өзүмдүкү (күлүп). Пластикалык операцияны башымдын аймагына жасаткам. Бирок кайсы жерине экенин айтпай эле коёюн. Элге билдирбей жакшы операция жасап берген дарыгериме мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ыраазычылыгымды билдирем.

БУЛАК: Супер Инфо

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу