Айпери Кубик кызы: «Баламды башкалардан кызганбайм…»

-Улуу уулуңуз чоңоюп калды, наристе жытын сагынып калыптырсызбы? 
-Улуу балам төрт жашка чыкты.Албетте, ымыркай жытын сагынып калыптырмын.Бала өзүнчө керемет, таттуу жан да, жытына тойбой жатам.Улуу балам аябай деле чоңоюп кеткен жок да, бала багууну унутпаптырмын.

-Балаңызды башкалардан кызганасызбы?
-Жок, менде андай бала кызгануу деген жок.Тескерисинче, өзүм кѳтѳрүп турсун деп карматып коё берем..

-Бешикке бөлөйсүзбү?
-Улуу баламды бешикке бөлөсөм ыйлап такыр жатпай койгон.Раянды деле жаткырбайм го.Бешиктин пайдалары көп, бөлөсө жакшы дешет.Албетте, бешикке салуу ырымын кылабыз, бирок уулумду көп убакыт жаткырам деп айта албайм.

-Кээ бирлер «баланы колго кѳтөрүү аны селки кылат» дешсе, айрымдар «баланы канчалык көп көтөрсөң ал сүйүүнү сезет» дешет.Сиз кайсынысына кошуласыз?
-Балдар жакшы нерсеге бат көнүп алышат эмеспи.Баламды колго көп көтөрбөйм.Бирок үйдөгүлөр жакшы көрүп улам бири көтөрө берип уулумду колго көндүрүп коюшту.Бирок бала ыйласа да баары бир тирилик кылыш керек да, жаткырып эле коём.Качан жумушум бүткөндө гана колума алам.

-Бала багуудагы сизге жаккан ыкма кайсы?
-Биз кичинекей балдар менен алардын тилинде, аларга окшоп эркелеп сүйлөй берет эмеспизби.Ушул нерсени туура көрбөйм.Бала менен деле чоң адамдай сүйлөшүү абзел.Ошондо анын тили бат жана так чыгат.Даянда ушул ыкманы колдонгонум үчүн тили бат чыккан, ѳзү курактуу балдардан так сүйлөчү.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу