Айнура Салахидинова, ырчы: «Өзүңдү сүйгөн, өзүңдү колдогон жолдошуң  жаныңда болсо…»

— Айнура, чыгармачылыгың жөнүндө кеп салсаң…

— Чыгармачылыгым тууралуу айта турган болсо, кызым жакында эле бир жашка толду. Кызым кичине кезинде чыгармачылыгым бир аз солгундай түшкөн. Эми чыгармачылыкка баш отум менен киришип жатам десем болот. Жылдызбек Турсунбаевдин сөзүнө жазылган, обону казак элиники “Тушоо кесүү тай- тай” деген ырга клип тарттырып бүттүм. Айбек Карымовдун обонуна таандык “Өмүрлөшүмө” деген ырымды жаздырып чыккам, ошого клип тарттырып жатам. Ошол эле учурда Түмөнбай Колдошовдун “Аяп сүйгөм” деген ырын жаздыргам. Ошол ырга жайдын аптаптуу күндөрүндө клип тарттырсам деген жакшы тилегим бар. Андан сырткары, Роза Шакирова, Азиза үчөөбүз дагы “Жеңелер” деген жакшы трио ыр жаздырганбыз, ошол ырыбызга тамашалуу клип тарттырып жатабыз. Буйруса алар дагы жакында даяр болуп калат.

— Бала кезде ырчы болгун келчү беле?

— Менин балалыгым Бишкек шаарында өттү. Ата-энемдин эрке кызы болчумун, эки уул, эки кыз төрт бир тууганбыз. Мен кыздардын кичүүсү болгондуктанбы бүгүнкү күнгө чейин эркелеп өстүм. Жаш кезимде ырчы болом деп чынында ойлогон эмесмин. Себеп дегенде экинчи класстан баштап комуз ийримине барып, күү чертип баштагам. Бирок ал кезде ырчы болом деген оюм жок эле. Жөн гана, комуз чертүүнү хобби катары кабылдачумун. Мектепти аяктаган соң, Искусство институтуна тапшыргам. Ал жактан чыгармачылык чыйырым башталып, ырчылыкты биротоло кесип кылып алдым. Кудайга шүгүр өкүнбөйм, ырчылыктын арты менен жакшы ийгиликтерге жетишип жатам.

— Ырчы болбосоң ким болмоксуң?

— Бала кезде таттууну жакшы көргөндүктөн, кондитердик фабрика ачам, торт чыгарган “ишкана” иштетем дей берчүмүн. Балалык оюмда торт заводдо жасалат деп түшүнсөм керек го. Бүгүнкү күнгө чейин таттууну өтө жакшы көрөм. Балдарым да таттууну сүйүп жешет. Менин оюмча эгерде ырчы болбой калсам, таттуу чыгарган кондитердик фабрика иштетмек болушум керек. Же бир ошондой жерде иштемекмин деген ойлорго кептелем.

— Чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйынга турбайбы?

— Албетте кыйынга турат. Экөөнү бирдей алып кетиш, баарына жетишүү кыйын. Бирок менин, “жеңилимди жердей, оорумду колдон алган” жолдошум бар. Бардык жактан мени желеп-таяп турган үчүн мен көп нерсеге жетише алам. Жолдошумдан сырткары апам, синдилерим да жардам берип турушат. Бойдок кезде жалаң гана чыгармачылык менен гана алышчумун. Азыр биринчи орунда үй-бүлөм. Балдарыма татыктуутарбия берүү, жарашыктуу кийим-кече, таттуу тамак жасап берсем деген тилектер менде биринчи орунга чыкты. Бирок ошол эле учурда чыгармачылыкты да четке сүрүп салбай,жылына жок дегенде үч,төрт клип тарттырып бир нече обондуу жаңы ырларды аткарып, репертуарымды байытып турам десем болот.

— Кыздар арасында чыныгы достук болбойт дешет…

— Мен андайга кошулбайм. Чыгармачылыктагы курбуларым, үй-бүлөдүгү катыштагы жакын досторум көп. Чыгармачылыктагы курбуларым деп, Роза эже, Азиза учөөбүз. Жакын үй бүлөлүк катыштагы достордонбуз. “Жамандык-жакшылыктарда” бири-бирибизге колдоо көрсөтуп, сын айтып, ошол эле учурда майда-чуйде таарынычтар деле болуп кетет. Бирок ошонун баарын ке- теруп,сынды туура кабыл алганга аракет кылабыз. Алар менин чыгармачылыктагы курбуларым гана эмес, сынчыларым да деп эсептейм. Мисалы жаңы ыр жаздырсам экөөнө угузуп, сындатам. Ачыгын айтышат. Жакса жакты,жакпаса, бул жерин мындай кылыш керек деп, кемчиликтерибизди айтып турабыз да. Ошол эле учурда жолдошторубуз да ага-ини жакшы мамиледеги достордон болушкан…

— Эң алгач сахнага чыккан сезимдериңди эстей аласыңбы…

— Кичинекей кезимде. Комуз ийримине катышып журген чактарда, мен ансамбль менен көрүүчүлөргө чыккан үчүнбү коркунуч деле жок эле. Өзүм жеке аткаруучу болуп ырдап чыкканда аябай толкундануулар болгон. 2006-2007-жылдары биринчи ырларды жаздырып, чон, сахнага ырдап чыгып атканда чындыгында кыйналгам. Тартыныч, коркунуч, сүрдөө, толкундануу деген болот. Бирок ар бир сахнага чыккан сайын агай-эжейлерим айтчу “жокерчилик болуп, сүрдөп, толкунданып туруш керек” деп. Анын сыңарындай чындап эле бүгүнкү күнгө чейин толкунданып турам. Чоң сахнага чыкканда “эл мени жактырабы кандай кабыл алат. Ырым жакса экен же эптеп эле ырдап алыптыр дейби” деген ой санаалар болот. Мен дале болсо чоң сахнага чыкканда сүрдөгөм.

— Клиптерге демөөрчүнү кантип табасың? 

— Кызым жаңы төрөлгөн үчүн, жаңы үйгө кирип калып клиптерди кеп тарткан ан жокмун. Быйылкы жылы жакшы киришип 1- баштадым. Менин демөөрчүм, продюсерим бир эле адам. Ал жолдошум. Бойдок кезимде бир тууган иним анан ата энем сахнага кийген кийимдериме, клиптериме жардам берип турушчу. Азыр ошолордун бардыгын Кудайга шүгүр жолдошум аткарат. Колдоочум,демөөрчүм, сынчым дагы деп айтсам болот. Жаны ыр жаздырып келсем, курбуларыма чейин жолдошум угуп сын элегинен өткөрөт. Эгерде жолдошум жактырбаса, ырдап деле чыкпайм. Көмүскөдө калып калган ырларым да бар да. Жөн эле акча коротуп, жаздырып койгон ырларым да бар. Эмнеге дегенде жолдошума жакпай калат. Жолдошум жактырып, ырдай бер деген ыры негедир элге да жагып, алымдуу ыр болуп кетет. Учурда жакшы иштеп, кеп клип тарттырып мен өзүм жардам берем деген жыл башындагы сөзүнө туруп, астыга койгон максаттар акырындык менен ишке ашып атат.

— Сахнадагы стилди ким тандап берет?

— Сахнадагы стилди өзүмө өзүм тандап алдым десем болот. Сахнага деген улуттук колориттеги кийимдерге басым жасайм. Эч убакта өтө кыска кийе албайм. Ачык-чачык кийине албайм. Өзүмдүн ырдап жаткан ырларыма туура келгендей, көбүнчө узун кийимдерге кеп басым жасайм. Улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон кийимдерди баалайм. Жөн гана көчөгө арналган кийимдердин деле өтө ачылып-чачылып кеткендерин жактырбайм. Сахнага кийим тандап берчү стилистим деле жок. Өзүм тандайм же жолдошум тандашат.

— Бактылуу аялзаты кандай болот деп эсептейсиң…

— Өзүңдү сүйгөн, өзүңдү колдогон жолдошуң  жаныңда болсо, балдарын, аман-эсен, ата-эне, бир тууган, эли-журт аман болсо. Эч нерседен кем болбой, жасаган ар бир эмгегин, элиңе, жакындарыңа жагып, колдоо көрсөтүп турса ошол айым бактылуу деп эсептейм. Мен андай бактылуу аялзаты болууну ар бир кыргыз айымына каалайт элем. Айымдарыбыздын көз жашы жалаң гана бактылуу учурда кубанычтан гана акса деген изги тилегим бар.

— Эргүүнү кайдан аласың…

— Эргүүнү мен мурда жаратылыштан кабыл алам деп ойлочумун. Себеп дегенде бойдок кезимде талаага чыгып кеткенди жакшы көрчүмүн. өзгөчө шаардын четине жамгыр төгүп, жаап жатканда машина айдап дерезеге тийген жамгыр тамчыларына суктана, музыканы сыбызгыта коюп алып,жол жүргөндү жактырчумун. Эгерде салондо, кайгылуу ыр жаңырса ошол эле жерден токтоосуз ыйлап жиберчүмүн. Же болбосом жакшы музыка угуп калсам көңүлүм көтөрүлүп, жаратылыштан көбүнчө эргүү  алгандаймын. Азыр деле, өзүмчө таза абага чыкканды жакшы көрөм. Бирок учурда, техника өнүккөн заманда жашап атабыз го. Интернетти коюп алып, жакшы музыкаларды угуп, кесиптештеримдин иштеп аткандарын көрөм. Изденип аткандарын көрүп, менде да жакшы сезимдер пайда болот. Андан сырткары чет өлкөлүк ырчылардын ырларын, клиптерин көргөндө жакшы маанайда калам, жүрөккө жакын идеялар пайда болот дегендей.

Маектешкен Альбина КАЛЫКОВА 

БУЛАК: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу