Айнура Салахидинова, ырчы: «Кош бойлуу кезимде тамак ичпей койсом, жолдошум жаш баладай алдап ичирчү…»

Мен кош бойлуу болгондо суудан башканы ичпей кусуп жатып калам. Андыктан күйөөм мага аябай көңүл бурат. Өзгөчө биринчи жолу боюмда болгондо кайненем экөө кордо аш жасап берип, аябай карашкан. Тамак ичпей койсом жаш баладай алдап ичирчү. «Кош бойлуу аял жүзүм жесе баланын каштары, чачтары капкара болуп өсөт экен» -дегенди угуп, жолдошума айтып койгом. Аны уккандан кийин жайы-кышы дебей жүзүмдү көп алып келет. Кичүү кызымды төрөгөндө эч нерсе ичпей, тамчылатма витамин менен жашап калган күндөрүм болду. Андайда жолдошум эки баламды кафеге алып барып тамактандырып же болбосо үйдөн өзү жасап мага жакшы эле жардам берди. Кызды аябай күткөнбү, кызымда өзгөчө кам көрдү.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу