Айнура САЛАХИДИНОВА, ырчы: «Айлык алганда көздөрүбүз жалдырап…»

— Мен шоу-бизнеске аралашканга дейре окуучу, студенттерге комуздан сабак берип иштечүмүн. Аны менен катар эле Айгүл, Азиза үчөөбүз эмгек китепчебизди толтуруу үчүн эле аскердик бөлүккө
жумушка кирип алганбыз. Негизи, ал жакта иштегендер күнүгө эртең мененки саат жетиде барып тизилип турушу керек эле. А биз кайдан, уйкучу болчубуз.
Жумушка майрамдарда ырдаганга жана айлык аларда эле барчубуз. Ошондуктан командирлер бизди “айлык алганда эле көздөрүн жалдыратып пайда
болуп калышат» дешчү. З000сом айлык алып, аны үйгө баргычакты коротуп койчубуз.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу