Аймончок Кошуева, телеалпаруучу, пиар менеджер: «Урмат Борченовго оюмду ачык айтып кийин өкүнгөм. Бирок, азыр жакшы мамиледебиз»

Журналист, белгилүү телеканалдарда алпаруучу Аймончок КОШУЕВА бүгүнкү күндө «Турана» компаниясында, «Медиастар»продакшн студиясында пиар менеджер. Тасма, клиптерге тынбай чакырууларды алган кыялкеч сулуу кызыбызга айрым суроолорду узаттык.

— Аймончок, үй-бүлө курдуңбу? Кандай мырзалар купулуңа толот?

— Азырынча турмушка чыга элекмин. Бойдокмун. Менимче айым болобу, мырза болобу, мүнөзүндө жөнөкөйлүк жана кичипейилдүүлүк болушу керек. Биринчиси – тарбия. Тарбиядан көп нерсе таасир этет. Бир жакшы макал бар эмеспи, «буудай канчалык данга толгон сайын жерге ийилет» деген. Анын сыңарындай, адам канчалык билимдүү, бай, бий болобу, ички дүйнөсү адамгерчиликке толуп, ийилип турушу керек. Ошондой эле баарына сый мамиле жасоо зарыл. Ушундай адамгерчилиги жогору, деңгээли бийик жигиттер купулума толот. Мындай мырзалар менен турмуш курам деген тилектерим бар.

— Сенде өзүңдү өзүң издөө жолу кандай болду?

— Убакытты текке кетирбөө керек. Мисалы, менин курагымдагылар көп нерсеге жетише элек. Өзүн сыйлаган, өзүн тапкан, 25-30 жаштардагы адамдын андан аркы жашоосу да жеңил болот. Жакындары менен жакшы мамиледе болот. Үй-бүлөсүн да багып кете алат. Өз чөйрөсүндө статусу да жогору болот. Өзүңдү өзүң табууга кандайдыр бир жол басып өтөсүң. Өзүңдүн ички байлыгың болушу керек.

— Сен үчүн жашоонун маңызы эмнеде?

— Эң башкысы, өз потенциалыңды ачуу, жогорулатуу. Бул жашоого эмнеге жаралдың – маңызын түшүнүү. Бул жашоодо ар бир адам өтө турган курактар бар. Үй-бүлө куруу андан аркы болуп улана берет. Андан кача албайсың. Алардын артынан дөңгөлөктөгү чычкандай кууп кете бербей, алдын ала жашоого максат, план коюу маанилүү. Беш жылдай алдын ала аркан боосун таштап коюу керек. Өзүңдү өстүрүп, беш күндүк өмүрүңдө жашоо ырахатын сезе билүү шарт.

— Сенин жашооңдо социалдык тармактардын таасири кандай?

— Социалдык тармактар жашоомдо биринчи орунда. Анткени менин кесибиме байланыштуу, ишимди илгерилеткен, элге тааныткан дал ошол соцтармактар. Башка жактан таппаган жаштардын көпчүлүгү интернетте, соцтармактарда отурушат. Уйкудан туруп эле инстаграмды ачам. Социалдык тармактарга менин күнүмдүн 80 пайызы арналат. Бул жаман эмес. Жакшы жагына пайдалана билсең,  бул жакшы. Мага жакшы жагы көбүрөөк.

— Эмне тууралуу кыялданасың?

— Мен аябай кыялкечмин. Кичинекей кезимде чындыктан алыс жашачумун. Кыялдардын кучагында жүрчүмүн. Чын жашоодо мектепке барып келчүмүн. Мектептен келгенден кийин эч ким менен сүйлөшпөй, өз дүйнөмдө жүргөндү жактырчумун. Курбуларым да аз санда болду. Ошол кичинекей кезимде кыялдангандарым – азыркы чыныгы жашоом. Узун чачтуу, сулуу болууну каалачумун. Кичинекей кезимде балдар менен көп ойноп, чачым дагы кыска болчу. Ошондуктанбы, узун чачтуу сулуу кыз болуу менин кыялым эле. Бой жеткени өз келбетиме ыраазымын. Азыр андай комплекс жок.

— Кандай кызыктуу окуяларды баштан кечирдиң?

— Башымдан өтө көп кызыктуу окуялар өттү. Сатуучу, журналист, телеалпаруучу, маркетингдер боюнча адис… Азыркы күнгө чейин көп кесипте өзүмдү сынап көрдүм. Баарыңыздар билсеңиздер керек, Урмат Борченов аттуу белгилүү алпаруучу агабыз бар. Негедир мен аны менен бирге берүүлөрдү алып барган кесиптешиндей элестетчүмүн. Ошол кыял менен жүргөнүмдө ал мырзаны капыстан кезиктирип калдым. Дароо жанына барып таанышып, “сиздин күйөрманыңызмын. Сиздин өнөктөшүңүз болуп бирге иштегим келет” деп оюмду ачык айтып, телефонун сурап алдым. Үйгө келгенде анан “уят болдум окшойт, ии” деп өкүнүп калдым. Кийин Урмат мырзанын берүүсүндө маек бердик. Мени, “Аймончок” деп атымды жакшы таанып калыптыр. Азыр Урмат мырза менен жакшы тааныштарданбыз.

— Жаратылыштын кайсы учуру жүрөгүңө жакыныраак?

— Жаратылыштын баардык учуру жагат. Жаздын жамгыры. Дарактардын бүрдөгөнү. Чымчыктардын сайраганы. Кыштын аппак кары. Күздүн саргайган жалбырактары… Жазбы, күзбү, бүркөө асман, шамал, нөшөр, толкун жагат.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу