Айланайын… Атамбайүптү сагындык…

– Түү, оозуңа чайындыкы.

– Ой, эмне балээ болуп кетти, абышка?

– ТЭЦ керектен чыкса. Тиги кабат үйдө жашаган неберелер үшүдү го.

– Ботом, өткөндө Өкмөттөгүлөр менен мэриясы… кышка 100 пайыз даярбыз дебеди беле.

– Атасынын как башы. Мына Атамбайүптү “оюна келгенин оттойт” деп жүрүп, ушуну көрмөкпүз.

– Менин төркүнүмдүн эмнеси жакпайт, иштегенине 75 эле күн болду го.

– Бул эмне… аз убакытпы? Курманбек шайланганда: эки жарым айдын ичинде атканын атып, кубалаганын тышка кубалап өзүн көрсөтүп койгон. Ар кимди ээрчибей.

– Ооба, мунуң да ырас. Өлүккана тиригиңди көрөйүн! Эне-ата менен жашабай, ипатека алабыз- деп, бизге келиндин Кудайдан жөө качкан немеси туш болуптур. Үшүдү го… мен барып, неберелерди ээрчитип келейин.

– Күнөө анда эмес, күнөө музоо кезинде талуу жерге байкатпай сүстүрүп таштаган… экөөбүздүн ойрондо.

– Жогортон Сокени, этектен балабызды жактырбай, сен тимеле бирөөгө кине койгонго машсың.

– Өзүң мурда… Дастанга кошулуп “алкашына” жетип, Атамбайүптү шыбачулең, азыр келинди жамандап отурасың го.

– Экөөнүн тең ой-тилеги бир: жалаң карыз менен жашагылары келет. Мисалы биздин келин… белен үй турса, өздөрүнчө бөлүндү. Атамбайүбүң иш жок, кыргыз балдар тентип тышта жүргөн менен, 386 млн. доллар кытайдан кудай сурап алып, ага кайра ТЭЦтин ичине алардын 1500 жаранын багып… реконструкциялап кыйраттыбы?

– Мынча болду мен эми, тээ илгеркилердин таржымакалын эсиңе салайын. “Малды сойсо деле касапчы сойсун”- деген кеп бар. Мисалы, Нүзүп бий Шералынын жаргак шымын маңдайына илдирип койсо да, ал ордонун ой-кырларын түшүнө алган жок.

– Ошол былыкчылык Кудай аткан чөйрө, менин төркүнүмө бийлик бербей жатат го. Ал бара- бара кыргыз “Качинскийдин” таасиринен кутулса… анан баштайт.

– Ой, силер ордуңардан козголгуча: далай адам өлүп, калгандарыбыз сууктан үшүп отура беребизби. Мисалы кечөө күнкү Д.Сарыгулов сыяктуулардын соту – мурунку кеткен президенттин “өч алуу” чечими менен эле бүттү. Ошондуктан орус калкында: “Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем”- деген сөз бар.

– Сенин оюң боюнча эми биз… эмне кылышыбыз керек?

– Оңдолбой жүрдү беле… Атамбайүптү сагындык, Конституцияны өзгөртүп, анын ачыкка чыгышына жол салыш керек. Мейли Путин, Медведев сыяктуу улам алмашып үч, төрт жолу шайлансын. Эптеп Кыргызстанды алдыга сүрөсө болду.

– Анда, “конституциянын атасы” Текебаев жазган парламенттик башкаруу жарабай калабы?

– Туура. Ал баарыбызга жетсин, бийликтин сересине бир-бирден отуруп чыгалы десе керек. Бирок өзү… түрмөгө отураарын билбей.

– Табалаба? Текебаев деле партия лидери. Саясат сасык оюн эмеспи… Алар бир кезде табакташ эле, азыр айгышкан душман.

– Табалаганым жок. Чындыгы Атамбайүптү сагындык.

– Ботом ушунча адамдын убалына калып, ким болсо да ТВЕА компаниясын тапкан кишини кусур урсун.

– Туура. Жанагынча акчага ТЭЦ- 2ни куруп албай, биздин бийлик башындагылар… тажиктерче жок экен.

– Ооба. Кудая тобо!

– Ошондуктан: төбөлдөрдүн бири кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп кетимишетти. Экинчиси келди. Орун алмашкан менен биздин турмушубуз өзгөрбөйт.

– Күнөө кемикте да, керкиде да бар.

– Бирок, АШАбыздын жакшы жери, оозуна алы жетпесе да, анча- мынча коррупционер- байкорлорго алы жетчү. Ал кайда? Чет өлкөдөбү, кайтып келсин, экөөлөп иштесин – деген бул, жалаң меники эмес… интернетте көпчүлүктүн пикири.

– О, койчу ботом!

– Ырас… калгандардын колунан “пок” келбейт. Эгер азыр АША болсо, сууктун күнүндө кур дегенде… Кудайды ортого кармап, карапайым калкты кыял менен байытмак. Анан коңшу мамлекет башчыларына тийишип, тарыхты божурай берсе… кыштын кыраан чилдесинде чек ара жабылып- ачылып турмак.

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, кексе чал.

– Тыз- з, ага шарт жок. Оозуңа карап сүйлө? Мына Эркиндин кайнатасы өлүп, эки чат жер акысынан тышкары дагы 20 миң сом төлөп, суукта 4 кишиге араң-араң көр каздырды. Анын үстүнө келин көчүгүн бурап, балаңды алдырткан кредитке мен жооп бергич – “поручительмин”. Атамбайүп айланайын… (ушундайынан киши сагынат экен) “оң, сол чөнтөктөргө” ылайыктап сурап келген тышкы карызды… акыры неберелер төлөйт. Иншалла!

– Эми, мен да нуска кептен баштайын. Тээ мурун бир сугатчы казак, кетменин тушардан өскөн эгиндин арасына ыргытып жиберип, күүгүм киргенче уктаптыр.

– Ии анан?

– Анан ойгонгондо анысын издеп жүрүп басып алып, сабы менен тумшукка жегенден кийин: “Ушундайыңдан тешигиңе агач тыгылып калган турбайбы” деп, каргаган экен. Анын сыңарындай, ушундайыңдан ар кимге жек көрүнүп, бир айылды бириктирбей, эки айылды эриктирбей жүрөсүң да, куураган куу чал.

– Ия де, жетимишке жакындап жакпай баратамбы сага, же бирөөнү таптыңбы? Пожалуста. Азыр эле талагымды берем, төшөгүңдү жаңырт.

– Кыйраттың. Алжыган Кудай каары! Жанатан бери үй- бүлөдөн… жогору жактагыларга дейре сындап мээ чайкабай, “эшегине жараша тушагы, диңгир-диңгир-диңгирбай, биздин кыргыз ушундай” деген, кер какшык сөзүңдү… башынан эле түшүндүрүп койбойсуңбу, мага.

– Анда кемпиш, кептин тузу татыбай калат. Кээде чындыкка… мыскыл менен жетиш оңой. Ха- ха- ха!

Шах ЖУМА

Булак: «Майдан.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу