Айзада Жамгырчиева, телеалпаруучу: «Канат Култаев менен ортобузда андай темада эч кандай сөз  сүйлөнгөн эмес».

Өзүнүн ишин мыкты билген, ачык мүнөз алып баруучу Айзада Жамгырчиева биздин редакцияда конокто болуп,  өзү тууралуу кененирээк маалымат берип, бардык суроолорубузга ачык-айкын жооп берип жатты. Жүзүнөн күлкү түшпөй, баардык нерсени акылдуулук менен жеңген Айзада Жамгырчиева өзүнүн ийгиликтери туурасында да бөлүшүп өттү.

-Айзада Жамгырчиеванын күнүмдүк жашоосу кандай башталат?

— Негизи эле күнүмдүк жашоом  кечинде, бир күн мурда түзгөн пландарым менен башталат. “Эртең бул жумушумду бүтүрөм, бул кийимимди кием”,- деп тактап, анан эс алууга,  уйкуга кетем. Менин жумушумдун графиги ар кандай. Ошондуктан, мен эрте турамын деп айтпаймын. Ар кандай учурлар болуп калат, кээде таң эртеден турсам, кээ бирде тогуздарга жакын турган учурларым да болот. Жумушума байланыштуу, албетте. Негизинен, бир күндүк иш планымды жогорку деңгээлде, жакшы маанайда бүтүрүүгө аракет кылам.

-Журналистика кесибинин ээси болуп, жогорку деңгээлге жетүү үчүн кандай баскычтарды басып өттүңүз?

— Журналистика  менин сүйгөн кесибим. Мен бул жолду, бул кесипти жөн эле тандап алган жокмун. Мектепте окуп жаткан учурумдан тарта, журналистика кесибине тапшырууну, ушул багытта иштөөнү максаттуу түрдө тандап алганмын.  Ал эми азыркы учурда, журналистика жаатында  алты жылдык билимим бар, ошондой эле магистрлик жактан да билим алып жатамын, буйруса быйыл аяктайм. «Келечекте студенттерге да сабак берсем»,- деген ойлорум да бар.  Албетте, ар бир кесиптин өзүнчө татаалдыгы, кыйынчылыгы бар эмеспи? Журналистика кесиби да, башкалар сыяктуу көптөгөн татаал баскычтардан турат. Бирок, сен качан гана өз кесибинди сүйсөң, тандаган кесибиң үчүн баарына даяр болсоң, өзүңө-өзүң ишенип, кесибиңди сыйласан, сен жакка келген тоскоолдуктар сага эч нерсе жарата албайт. Мен азыр жогорку деңгээлге жетип, кыйраттым дебейм. Бирок өзүмө ишенип, дайыма алдыга кадам таштап аракет жасайм.  Мен кыла турган, мен жете турган ийгиликтер буйруса баары алдыда. Ал үчүн бир гана  аракеттенүү керек.

-Журналистика кесиби сизди кандай инсан  болууга тарбиялады?

-Мен журналистика кесибине чоң кызыгуу менен, жашоодо өзүмө кенен жолду тандадым. Бул кесип аркылуу өзүмө болгон чоң ишеним, тажрыйба алуу менен биргеликте, ар тараптуу билим алууга да жетишип жатам. Чындыгында журналистика кесиби, көп тилдүүлүктү, билимдүүлүктү, жоопкерчиликти, тактыкты жакшы көргөн кесип деп айтсам болот. Эгерде ушул талаптардын бирин калтырбай аткарсаң, анда сен мыкты журналистсиң. Бул менин жеке оюм. Негизинен журналистика тармагында эмгектенип жатып, ар тармактуу  адамдар  менен кенен баарлашууну, ар бирине кылдаттык менен мамиле жасоону үйрөнөт экенсин. Эң негизгиси журналистика кесиби кандай гана адам болбосун, байбы, кедейби, улуубу, кичүүбү, ар бирине бир калыпта болуп, бирдей мамиле кылууну да үйрөтөт. Ошондуктан, бир калыпта жүрүүнү бир гана жумушумда эле эмес, күнүмдүк жашоомдо да колдонууга аракет кылам. Журналистика кесиби, мени күчтүү болууга, сабырдуулука, жакшыга маани берип, жаман нерселерге көңүл бурбоого, убакытты туура пайдаланууга, эң негизгиси, ак эмгек менен нан табууга үйрөттү десем болот.

— Артыңыздан шакирт тарбиялап өстүрүү  боюнча ойлонуп көрдүнүз беле?

—   Негизи эле, “Адамдын билгени бир тогуз, билбегени токсон тогуз”,- деп коет.  Андыктан, “Тогузду билип алып эле, токсон тогузду билем!”,- деп көкүрөк каккан бул туура эмес деген ойдомун. Ошондуктан, мен дагыда окушум керек, өзүмө тажрыйба чогултсам,  мына ошондо мен тарбиялай турган  шакирттериме татыктуу бир багыт бере алам. Азыркы учурда журналистика тармагында окуган кыз-жигиттер ушул суроо боюнча көп кайрылышат. Өзүмдө бар нерсемди аларга айтканга аракет кылам. Буйруса, ушундай сунуштар көп болуп турса, анда болгон  күчүмдү жумшап, жаш өсүп келе жаткан муундарга өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп, чакан курс ачканга жол жасайм.

-“Эки жүрөк” долбоорунун тарыхы?

— “Эки жүрөк” долбоорун мурун эле ойлонуп жүргөнмүн. Бирок, баары эле келип акчага такалат эмеспи? Ошондуктан, “Кандай болот, кантип иштеп чыгам?”,-  деген ушул сыяктуу суроолор пайда боло баштады. Анан эле көп өтпөй мага бир студиядан чалып калышты: “ Биз жаңы бир долбоорду  баштайлы деп турабыз, редакторубуз сизди алып баруучу катары көрүп жатат, келип көрбөйсүзбү?”- деп калышты. Барып, ал долбоор менен таанышсам мен ойлоп жүргөндөй, үй-бүлө туурасында экен. Жакшы жаамат менен биргеликте  бири-бирибиздин ойлорубузду чогултуп, толуктап, “Эки жүрөк” долбоорун баштадык. Негизинен бул “Эки жүрөк” долбоору таасирдүү программалардын катарын толуктап, эки ай аралыгында экран бетинде жүрүп жатты.  Бирок, дагы эле финансылык жактан бул долбоорду да токтотууга туура келди. Бирок, ушуну менен гана токтоп калбастан, мага дагы бир ойлор, идеалар келип жатат. Буйруса, убакыттын жүрүшү менен ага да күбө болосуздар.

-Канат Култаев менен ортоңуздагы болуп өткөн окуянын канчалык чындыгы бар?

— Канат Култаев менен ортобузда андай темада эч кандай сөз  сүйлөнгөн эмес. Биз башында кандай таанышып,  сый-урматта болсок, азыр да ошондой мамиледебиз . Мен жумуштан кеткен жокмун,  болгону эки ай эфирге чыкпадым. Себеби, ошол мезгилде Канат Култаев бизге жумушка жаңы келип,  программаларды  жакшыртуу максатында, эфирден  көп программаларды алып салып, мындан да  жаңы идеаларды кошуп, баарын жаңыдан иштеп чыгууну айтып, бизге  эки ай убакыт берген. Ушул эки ай аралыгында “Хит-Парад” долбоорун, “Топ-Хит10” -деп жаңы форматта алып чыктык. Ал эми, “Болбогон окуяны, болду”,-деп жазган журналисттерге айтып өтөөр элем: “ Эч кандай далилсиз болбогон окуяны жазып, элге жалган, такталбаган маалыматты таратпаңыздар!”. Балким менин ордумда башка бирөө болсо, башкача жол тутмак. Мен үчүн бул эч нерсе эмес, айтайын дегеним, мага бул окуянын,  теманын бир пайыздык да тиешеси жок. Бирок, албетте, сен жөнүндө туура эмес маалымат таралып жатса, ал маалымат кайдан, кандайча, чыккандыгына кантип кызыкпай кое аласын?  Интернет аркылуу кайсыл сайт жазып чыккандыгын такташтырып, телефон аркылуу ал сайт менен байланыштым. Бирок, алар менен ортобузда  кандай сөздөр болду, мага кандай жооп айтышты, алардын ар бирине токтолуп айтып берүүдөн алысмын.  Айтыштын да кажети жок. Жалпылап айтканда, алардан өзүмө тиешелүү жооп алалган жокмун.

-Эл оозуна алынган “Маскарапоз” тасмасында  кандайча башкы ролду ойноп калдыңыз? Негизи бул тасманын мааниси кандай?

— Бул тасманын мааниси аябай терээң. Себеби, жаш өсүп келе жаткан муундагы балдар үчүн аябай таасирдүү, тарбиялык жагы да бар десем болот. Мен бул тасмага кокусунан тартылып калдым. Негизи бул тасманын   башкы каарманы болуп,  Назира Бердигулова ойномок. Бирок тилекке каршы, ал айым менен байланышканга  мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, тасманын режиссёру  Замир Жашасын улуу  Назира Бердигулова менен келбетибизди,  бетибиздеги калыбызды окшоштуруп, менин буга чейинки кинолордо  ойногон ролдорумду көрүп, актердук чеберчилигимди карап, анан Назира Бердигулованын  ордуна , киного тартылууга чакырып калды. Бул тасмага тартылганга чейин да, башка тасмаларда кыскача эпизодторго тартылып, андан кийин “Сюрприз” деген тасмада роль жараткам. Ал эми эң биринчи башкы каармандын ролун жараткан тасмам,  “ Маскарапоз” тасмасы болду. Негизи эле тасмаларга тартылуу алдынан эң элгач актердук чеберчилигимди өркүндөтүү максатында, Назым Мендебаировдун бир айлык курсуна барып  аз да болсо, актерлук багытка баш бактым десем болот (күлүп).

Эргешалыева Акжуурат

БУЛАК: ARGUMENT.KG

 

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу