Айжамал: «Өлөйүн деп көп аракет кылдым, бирок өлө албадым…»

— Атам Сапар мединститутта окуп жүрүп, пединститутта окутан апам Нуржан менен таанышып, бири-бирин жактырып калышат. Сүйүүлөрү күч алып, баш кошушат. Окуган окуу жайларын ийгиликтүү аякташып, атам дарыгер, апам мугалим болуп эмгектенип калышат.

Арадан он жыл өтсө да апам көз жарбайт. Бирок, атам да эч качан «төрөбөйсүң» деп жүрөгүн оорутпайт. Бир күнү апам «бала багып алсакпы?» деген оюн ортого салат. Атам макулдугун берип, мени төрөт үйүнөн алып, багып алышат. Эсимде, атам, апам экөө тең абдан жакшы тарбия берип өстүрүштү, эч нерседен кем кылышкан жок. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында болор элем…

Кокустан атам каза болуп калды. Тообуз кулап, атамдан ажырап калдык. Апама ар ким ар кандай ушактарды айтып, «куйеең бирөө менен жүрүп төрөтүп койгон», «күйөөңдүн ойношунун кызы» деген ушак-айыңдарды таратышат. Апам ишенип, күндөн-күнгө мени жек көргөнү күчөп отуруп, аракка берилген айылдашыбызга күйөөгө берип жаны тынды. Апам өзүнүн инилеринин бир баласын багып алды. Менин күйөөмдөн көрбөгөн күнүм, тартпаган азабым калбай жүрүп, уулдуу болдум. Атын Азамат коюп, апам да багышып жүрдү. Мен апамды сыйлап, баарына макул болдум. Уулум он төрткө чыкканда күйөөм менен ажырашып, чет өлкөгө чыгып кеттим. Бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп акча табыш оңойго турган жок. Бар тапканымды апама жөнөтүп турдум. Балам бар үчүн жашагым келип, өзүмдү бактылуу сезип, жети жыл дегенде уйге кайттым…

Апам «Кудай буюрса Азаматты үйлөнтөбүз» дээр эле. Мен апама ишенгем. Келип эле уулумду издедим. «Азамат кайда?» десем, «жайлоодо, келип калат» деди. Ошентип ана келет, мына келет деп атып үч күн өттү. Төртүнчү күнү уулумдун досу келип мени көрүп, «качан келдиңиз?» деп чочуп кетти. «Келгениме үч күн болду. Азаматты күтүп коюп отурам» десем, «аяш эне, сиз уккан жок белениз, Азамат авариядан каза болгон да?» деди. Уккан кулагыма ишенбей, эмне кылар айламды таппай, өкүрүп-кыйкырып атканымды бир билем, башка-сы эсимде жок…

Эки- үч ай ооруканада жаттым. Өлгоңдүн артынан  өлүш кыйын экен. Өлөйүн деп далай аракет жасап, өлө албадым, болгону эки кулагымдан, ден соолугумдан ажырадым. Кайдан, кантип, кайсы убакта билбейм, паспортумду жоготуп алдым. Жоголгонуна кайра сүйүндүм, такыр башка фамилия алгым келди. Бир аялга айтсам, «мен тез арада эле бүтүрүп бере коём» деп эки миң  доллар сурады. Эптеп паспорт алып, тез арада Кыргызстандан чыгып кеткенди каалап жаттым. «Какаганга муштаган» деп ал келинге да алдандым. Айла жок кайра эле ошол фамилияда калмай болдум, — деп көзүнүн жашын көл кылып төктү…

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу