Айжамал Кабылова, ырчы: «Айгерим, «негизи мен сизден биринчи келген болчумун» деп жалган сүйлөдү»

Эки көрүнүктүү айымдардын чырына ырчы  Айжамал Кабылова мындайча жооп берди: «Бул окуяны көрүп, унчукпай коё албадым…. Эми менин жообум!!! Ал тойдо мен да болчумун, менден кийин жарым сааттан кийин Айгерим кирип келди. Мага келип «Сиз ырдай элексизби, мен дагы эки жерге барышым керек эле, ырдап кете берейин» деп сурады. Менин дагы башка жумушум бар болгонуна байланыштуу 5-10 минут эч нерсени чечпейт күтө тур дедим. Бирок «мейли ырдап кете бер дегичекти, Айгерим, «негизи мен сизден биринчи келген болчумун» деп жалган сүйлөгөнүнөн мен ал оюмдан кайттым. Аңгычакты Нурзат барып, той ээлеринен кимди биринчи чакыраарын сураган, Той ээлеринин жообу «Ким биринчи келген болсо, ошол адамды чакыр» дешкен. Чырдын башы ушундай…. Айгеримдин «Айжамал ким» деген суроосуна жооп бергим келди. Менин ким экенимди, эл билет!!! Ошол сөздү айткан адамдан бийикмин!!! Айгерим сиңдимдин оюу мен жөнүндө кандай болсо да, мен ага бакыт тилейм, аман-эсен көз жарып алуусун каалайм!!!»-дейт ырчы айым.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу