Айдар Халиков аттуу жаран Атамбаев менен Сарпашевди сотко берди

Айдар Халиков аттуу жаран Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди паспорттон улуту тууралуу графасын алып салгандыгы үчүн сотко берди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бул маалыматты Бишкек шаардык Аламүдүн райондук сотунун төрагасынын катчысы Назира Карыпова да «Азаттыкка» тастыктады.

«Атамбаев менен Сарпашевдин улутту паспорттон алып салган мыйзамын жокко чыгарууну өтүнүп жана мени үй-бүлөмө жеткен моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, аларды сотко бердим!» деп жазган ал өзүнүн баракчасына.

Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майынан тартып бериле баштаган жаңы паспортто жарандын улуту документтин баарына көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазыла баштаган.

«Улут» деген графа чипке жарандын каалоосу боюнча гана толтурулат. Эгер аны жаздыргысы келбесе, бош бойдон калат.

2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстан электрондук паспортко өткөн. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат. Сыртына аты-жөнү, туулган, паспорттун жарактуу мөөнөтү деген сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылып, калганы ички чипке камтылган.

Улут графасын паспорттун көрүүнө жеринен алып салууга каршы чыккан бир катар жарандар жана коомдук уюмдар «Улутуңду унутпа!» кыймылына биригип, өкмөттүн бул чечимине каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар сөз болуп жаткан чечимге каршы Конституциялык сотко кайрылып, бирок алардын арызы кабыл алынган эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу