Айданек, Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин кызы: “Дүйнөдө менин апаман өткөн күчтүү аял жок”

 

«Ата-Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20 жылдан ашуун убакыттан бери саясат жаатында өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп келет. Анын эл алдында кандай экенин билгенибиз менен үй-бүлөдө кандай ата экендигин биле бербейбиз. Атасы тууралуу улуу кызы Айданек айтып берет.

– Белгилүү саясатчынын кызы эмне менен алек болду экен?

– Учурда Кытайдын Пекин шаарында университетте эл аралык мамилелер боюнча 2-курста билим алып жатам. Мындан үч жыл мурун Бишкектеги Кытай Эл Республикасынын элчилиги аркылуу Кытайдагы мамлекеттик университеттердин бирине гранттык негизде окууга өткөнмүн. Чынында Кытайда окуйм деп ойлогон эмесмин, буйрук экен, окууга өтүп кеттим. Бишкекте мектепте окуп жүргөндө Кытай өлкөсү тууралуу аз билчүмүн. Азыр Кытайдын тарыхы, маданияты менен бир аз болсо да таанышып калдым. Кытай улуу тарыхы бар, адамзат цивилизациясынын уюткуларынан болгон чоң өлкө эмеспи. Ошондуктан Кытайдын тарыхын, маданиятын, экономикасын үйрөнүү мен үчүн абдан кызыктуу жана келечекте пайдасы тиет деп ойлойм. Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк экономиканын борборлорунун бирине айланып, натыйжада дүйнөлүк, саясий экономикалык процесстерге чоң таасир тийгизип жатат. Биздин мамлекет да өзүнүн географиялык ыңгайлуу абалынан пайдаланышы керек. Мен алган билимимди келечекте эки кошуна өлкөнүн ортосундагы мамиленин чыңдалышына жумшагым келет.

– Үйдө канчанчы кызсың?

– Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин Амантур, Эсентур деген эки иним жана 1-класста окуган Айсара деген сиңдим бар. Биринчи перзент катары буга чейин үйдө мен эрке болсом, азыр эң кенжебиз Айсара — үйдүн эркеси.

– Балалыгың атаң менен бирге өттүбү?

– Атам абдан баласаак. Эсимде, мен кичинекей кезде балдар бакчасынан бизди дайым атам алып келчү. Апам балдарды карап үйдө болгондуктан күнүгө атам жумуштан чыгар маалында апам, мен жана Амантур болуп тосуп алып Эркиндик бульварында сейилдеп, анан үйгө келчүбүз.

– Атаң берген белектердин кайсынысы эсиңде калды?

– Атам чет өлкөлөрдөн сапардан кайтканда көп эле белектерди алып келчү. Бирок Бишкектен алып берген оюнчук күчүгү эсимден кетпейт. Анткени ал күчүктү кичине кезимде бассам-турсам, уктаганда да кошо ала жатып ойноп көпкө сактап жүрдүм. Азыр да үйдө сакталып турса керек.

– Сени кантип эркелетчү эле?

– Атам мени бала кезимде атымдан эмес, «красавица» деп эркелетип чакырчу. Мен да ага көнүп калгам. 9-класс кезим болсо керек, бир күнү үйдө отурганбыз. Бир маалда конок тосчу бөлмө жактан «красавица!» деп атамдын үнү угулду. «Эмне ата, чакырдыңызбы?» — деп барсам, атам сиңдим менен сүйлөшүп отуруптур. Мага бурулуп: «Мен сени эмес, Айсараны чакырдым», — десе болобу. Ошондо катуу таарынганым эсимде.

– Мыкты саясатчы үйдө кандай ата болду экен?

– Атам көп жылдан бери Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектенип келатат. 20 жылдан ашык оппозицияда жүрүп далай сыноо, кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Ал кезде кээ бир достору, туугандары да качып, иши жүрүшүп калганда кайра келип калышчу. Баланын жүрөгү баары бир туят тура, бала болсок да атамдын кыйналганын сезип турчубуз. Анын баарын ачык айтпасак да апабыз менен кошо кайгырып, кубанганда кубанчубуз. Биз өтө жупуну жана аскеттик кырдаалда тарбияланып бой жеттик, азыр деле ошол 3 бөлмөлүү батирде жашап келебиз. Бала кезибизден эки жүздүүлүк, кошоматчылык эмне экендигин билип чоңойдук. Мунун мага жардамы тийип турмушка багыт берди. Биз алган тарбиянын бири — достордун байлыгына, бийлигине, жолу болуп же айласы кетип турганына карабай бирдей мамиле кылуу керектигин билүү. Атам камкор, колунда барын балдарынан эле эмес, бөтөн адамдардан дагы аябаган жароокер инсан. Жумуштан кийинки убактысын биз менен бирге өткөргөндү жакшы көрөт. Чогуу жаратылышка чыгып сейилдегенди, кызыктуу телекөрсөтүүлөрдү көргөндү, ар кандай темалар тууралуу баарлашканды жакшы көрөбүз.

– Атаңа кайсы мүнөзүң окшош?

– Экөөбүз тең аябай өжөрбүз, айткан сөзүбүздү бербейбиз. Анан сабырдуу эмеспиз, бир аз пессимисттик да жагыбыз бар. Жадагалса буюмдарыбыз да окшош. Мисалы, экөөбүздө тең окшош iPad бар. Анан палоо менен мантыны экөөбүз тең жакшы көрөбүз.

– Атаңдын белгилүү саясатчы болушун кааладың беле?

– Мен төрөлгөндө эле атам саясатчы болчу. Башкача элестете албайм.

– Саясатка кызыгасыңбы?

– Жогоруда айткандай, кесибим бул тармакка тиешелүү эмес. Кайсы тармакты тандабайын, максатыма атамдын арты менен эмес, өзүмдүн аракетим менен жетсем дейм. Анткени атама катуу сөз тийгизгим келбейт. Ошентсе да бардык саясий жаңылыктардан артта эмесмин.

– Белгилүү саясатчынын кызы болуу оңойбу?

– Белгилүү саясатчынын кызы болгон ыңгайсыз абалды жаратат. Анткени сенин ар бир сүйлөгөн сөзүңө, жасаган ишиңе чоң талап, бийик стандарт менен мамиле кылышат.

– Саясатчынын жубайы болуучу? Дегеним, кызы катары апаң жөнүндө эмне айта аласың?

– Белгилүү саясатчынын кызы болгонго караганда анын жубайы болуш кыйын. Дүйнөдө менин апаман өткөн күчтүү аял жок деп ойлойм. Апам ар дайым: кайгыда, кубанычта, кыйынчылыктарда жана жакшылыктарда дагы атам менен бир болуп жанында колдоп келген. «Сен турмушуңда кимге суктангың жана окшошкуң келет, кимди кумир тутасың?» деп сурашканда мен: «Ар дайым апама окшогум келет, ага суктанам, менин кумирим — апам» деп сыймыктануу менен айтам.

Алмагүл БАЗАРБАЕВА

Булак: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу